Орусиянын интернеттеги интеллектуалдык укуктарды коргоо жөнүндөгү күчүнө кирген мыйзамы контентин мыйзамсыз жайгаштырган деп айыпталган сайттарды тосмолоого уруксат берет. Эгер андай сайттар тосмолоно турган болсо Кыргызстандын жашоочулары да ал сайттарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашат.
Орусиянын жаңы мыйзамы кинотасмалар менен телесериалдарды мыйзамсыз жайгаштырган сайттарга багытталган.
«Пираттыкка каршы» кабыл алынган мыйзамдан музыка сыяктуу аудиофайлдардын башка түрлөрүнүн мыйзамсыз таратылышына тыюу салуу жагы алынып салынган.
Мыйзамдын аткарылышына жооп бере турган Орусиянын Байланыш, маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияларга көзөмөл жүргүзүү боюнча федералдык кызматы «пираттык тасмаларды» таркатып жаткан сайттардын тизмесин түзүп чыккан.
Бирок макала жазылып жаткан учурда пираттык тасмалары бар сайттардын тизмеси жайгаштырылган сайт жүктөлүштөрдөн улам жеткиликсиз болуп, ачылбай койду.
Кыргызстандагы ири байланыш оператору болуп эсептелген «Кыргызтелекомдун» вице-президенти жана коммерциялык директору Акыл Түгөлбаев «пираттыкка каршы» кабыл алынган мыйзам кыргызстандык колдонуучуларга да таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн билдирди.
«Эгер Орусияда кайсыл бир сайт тосмолонсо ал биздин колдонуучулар үчүн да жеткиликсиз болуп калат», – деди Түгөлбаев Kloop.kgге берген маегинде.
Себеби — Кыргызстандагы интернет таркатуучулардын бардыгы тең сырткы трафикти Орусиядан түздөн-түз же Казакстан аркылуу алышат.
Түгөлбаевдин айтымында, эгер кайсы бир сайт орусиялык интернет таркатуучу тарабынан тосмолонсо, анда кыргыз таркатуучулары ал интернет баракчага кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла албай калышат.
Орусиянын жаңы мыйзамы тууралуу комментарий алууга Кыргызстандын калган интернет таркатуучу компаниялары жеткиликсиз болууда.
«Пираттыкка каршы» кабыл алынган мыйзамга болгон нааразычылыктар
Мыйзам Мамлекеттик Дума тарабынан 2013-жылдын 21-июнунда кабыл алынган. Анда анын кабыл алынышына каршы «Mail.ru Group», «Яндекс», «Афиша-Рамблер-СУП», «Гугл Россия» жана «Озон.ру» сыяктуу орусиялык Интернет-рыноктун ири оюнчулары чыгышкан.
«Пираттыкка каршы кабыл алынган мыйзамдын» күчүнө киришине каршылыктарын билдиришип Интернеттин орусиялык сегментинин бир миңден ашык сайты онлайн-иш таштоо башташкан.
Ага катышкан дээрлик бардык сайттардын башкы баракчасын ачканда сайттын ээлери мыйзамдын кемчиликтерин айтып, онлайн-петицияда нормага каршы добуш берүүнү сунуштаган билдирүүлөр пайда болуп турган.
Добуш берүү үчүн петиция Орусия коомдук демилгеси сайтында жайгаштырылган. Мыйзамдын кайрадан каралып чыгышы үчүн 100 миң добуш топтолушу керек – азыркы тапта ал үчүн 60 миң киши өз добуштарын беришкен.
SOPA жана PIPA
Орусия — мыйзам чыгаруу деңгээлинде Интернеттеги пираттыкка каршы күрөшүү идеясын карап жаткан алгачкы өлкө эмес, бирок мындай кадамдарга барган ири өлкөлөрдүн көбүндө бул Интернет коомчулугунун жеңиши менен аяктап келген.
АКШ Конгресси 2012-жылдын январында «пираттыкка каршы» эки мыйзамды — «Stop Online Piracy Act (Онлайн-пираттыкка каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзам долбоору)» (SOPA) менен «Protect Intellectual Property Act (Интеллектуалдык менчикти коргоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун)» (PIPA) кабыл алууга ниеттенген.
Бирок ал мыйзам долбоорлор ири интернет-корпорациялардын – «Википедия», «Фэйсбук», «Гугл» жана «Реддит» блогдук платформаларынын, ошондой эле миллиондогон интернет колдонуучулардын массалык нааразычылыктарын жараткан.
Бир күндүк интернет-иш таштоодон кийин мыйзам долбоорунун демилгечиси менен АКШнын Конгрессинин юридика комитетинин башчысы Ламар Смит мыйзам долбоорунун үстүнөн иштөө белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылгандыгын билдиришкен.
Автор: Улугбек Акишев