Депутат Бакир уулунун баласына карата 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты

IMG_3624

Депутат Турсунбай Бакир уулунун баласы Каныбек Бакировго карата пара талап кылгандыгы үчүн катаал режимдеги абакка 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Бакировдун атасы уулуна каршы айтылган көрсөтмөлөр “кыйноо” жолу менен алынгандыгын билдирүүдө.

31-июлда Биринчи май райондук соту депутат Турсунбай Бакир уулунун уулу Каныбек Бакировго карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Бакиров Баткен облустук прокуратурасында тергөөчү болуп турган кезде милиция кызматкерине карата “тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмаларын колдонгондугу” үчүн кылмыш ишин козгобоо үчүн андан пара талап кылган деп айыпталып жатат.

Паранын жалпы суммасы 120 миңдей сомду түзөт.

Бакиров өкүм чыгарылаары менен сот залынан дароо камакка алынды — буга чейин ага карата белгилүү бир аймактан чыкпоо баш коргоо чарасы белгиленген болчу.

Бакировдун атасы — парламенттин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу — Kloop.kgге берген маегинде уулуна каршы берилген көрсөтмөлөр “кыйноо” жолу менен алынышы мүмкүндүгүн айтты.

“Күнөө эки адам өлтүргөндүгү үчүн түрмөдө отурган Кара-Суу РИИБсинин мурунку кызматкеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде куралган. Негизинен мындай арыздар каралбайт жана дүйнө боюнча далил катары эсептелбейт”, — деди Бакир уулу.

Ал уулу менен жактоочусу өкүм боюнча жогорку инстанциядагы сотко доо арыз менен кайрыла тургандыктарын кошумчалады.

“Ал күнөөлөнүп жаткан беренелер үчүн айып пул төлөтүү жазалары каралган, бирок 12 жылга эркинен ажыратуу эмес. Ал эмес киши өлтүрүүгө да анча мөөнөт берилбейт”, — деп түшүндүрдү парламентарий.

Башкы прокуратура тарабынан Бакировго каршы кылмыш иши качан ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын милиция кызматкерлерин  “кыйноого алышты” деп айыптагандан кийин козголгон.

Депутат атасынын айтымында, опер кызматкерлер 2012-жылдын жай айларынын аягында анын уулун сабап, кармап кетишкен, андан чоң милиция бөлүмүнө алып барып кыйноого алышкан.

Өз кезегинде ИИМдин басма сөз кызматы кыйноолор жөнүндө айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып, окуянын кандай болгондугу боюнча өз версиясын билдирген. Ага ылайык, Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери документтерин текшерүү үчүн Бакировду токтотушканда ал МАИ кызматкерлерин сабап салган.

Автор: Бегайым Акбарова