Түлеевдин жактоочусу: Туугандарынын мүлктөрүн конфискация кылуу — мыйзамсыз

Tyuleev

Сот жообуна тартылган депутат Нариман Түлеевдин жактоочусу соттун мурунку шаар мэринин туугандарынын мүлктөрүн конфискация кылуу боюнча чыгарган чечимин мыйзамсыз деп эсептеп жатат. Бийлик тергөө мамлекеттин пайдасына чегериле турган ал мүлктөрдүн иш жүзүндө Түлеевге тиешелүү экендигин далилдеди деп билдирүүдө.

29-июлда депутат Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турган кезде кытай автобустары менен таштанды чогултуучу унааларды сатып алууда алдамчылыктарга баргандыгы үчүн 11 жылга эркинен ажыратылган.

Бишкектин Ленин райондук соту эркинен ажыратуу чечиминен сырткары Түлеевдин жана анын туугандарынын мүлктөрүнүн бир бөлүгүн конфискация кылуу өкүмүн чыгарган.

Депутаттын жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев бул чечимди Кыргызстандын мыйзамына каршы келет деп эсептейт.

«Мыйзамда туугандарынын мүлктөрүн конфискациялоо каралган эмес. [...] Буга жол берилбеш керек», —деди Ташбалтаев Kloop.kgге берген маегинде.

Өкүм чыгарып жатканда судья Аман Сариев Түлеев менен анын туугандарынын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү мамлекеттин пайдасына чегерилиши керектигин билдирген, бирок анын кайсыл мүлктөрү жана кайсы туугандарынын мүлктөрү конфискация кылына тургандыгы боюнча эч нерсе айтылган эмес.

Өкүм чыгарганда Түлеевдин кызы менен бир тууганынын «Ак Жол» камсыздандыруу компаниясындагы акциялары конфискация кылына тургандыгы гана белгилүү болгон.

Түлеев менен мэриянын мурунку чиновниктеринин кайсыл мүлктөрү конфискацияланат: толук тизме

Жактоочу Ташбалтаев соттун жүрүшүндө Түлеевдин шаар казынасына зыян келтиргендиги боюнча экспертиза жүргүзүлбөгөндүгүн эске алып, туугандарынын мүлктөрүн мамлекеттин пайдасына алуу жөнүндөгү чечимди өзгөчө акыйкатсыз деп эсептейт.

«Айыптоочу тарап таянып жаткан бааларды таба алышкан жок, буга байланыштуу келтирилген зыянды аныктоо боюнча экспертиза жүргүзүү мүмкүн болгон эмес», — деди жактоочу.

«Демек тергөө далилдеген»

Айыптоочу тарап Түлеевдин жактоочусунун билдирүүсү боюнча Kloop.kg интернет порталына кенен комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп чыкты.

Журналисттер менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү Азиз Бакиров гана сүйлөшүп, Ташбалтаевдин дооматтары менен макул эмес экенин билдирди.

«Сот ошондой чечим чыгаргандан кийин демек тергөө тараптан [мамлекеттин пайдасына конфискацияланып жаткан мүлккө Түлеевдин ээлик кылаары] далилденген», — деди Бакиров комментарийин диктафонго жазып албоону өтүнүп.

Түлеевге карата чыгарылган өкүм тууралуу кененирээк

Бул Кыргызстандын тарыхында саясий сот процессинин жүрүшүндө соттолгон адамдын туугандарынын мүлктөрү көңүл борборуна чыккан алгачкы учур эмес.

Бийлик 2010-жылы иш жүзүндө Кадыржан Батыровго тиешелүү деп эсептеген мүлкүн конфискация кыла алган эмес — Батыров Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомчулугунун лидери, ал 2010-жылдагы кыргыз-өзбек ортосундагы кагылышууда улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган.

Тергөө эсептеп жаткандай, Батыров Швецияга качып барып ал өлкөнүн жарандыгын алганга чейин өзүнүн бардык мүлкүн туугандарынын атына жаздырууга жетишип калган.

Батыров болсо «Азаттык» радиосуна берген маегинде тескерсинче, бийлик анын болгон мүлкүн тартып алып сатып жибергендигин айткан — бул айыптоолорду расмий Кыргызстан толугу менен четке кагып келет.

Өзүнчө соттук процесс

Укук коргоочу жана «Кылым шамы» борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова теориялык жактан соттолгон адамдын туугандарынын мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилиши мүмкүндүгүн айтып, бирок ал үчүн сот жообуна тартылган адам чындыгында эле ал мүлктөргө ээлик кылгандыгын аныктай турган өзүнчө соттук процесс башталышы керектигин белгилейт.

«Мисалы, биз экөөбүз бир тууганбыз деп коелу, мүлк сизге таандык, а иш жүзүндө меники — бирок муну соттук териштирүүлөр далилдеш керек. Ошондой эле сот алгач сиздин мүлкүңүздү чындыгында эле мен сатып алганымды жана сатып алууда мамлекетке же жеке бир адамга зыян келтиргенимди далилдеп, чечим чыгарышы керек — мунун бардыгы далилдениши зарыл жана ал боюнча конкреттүү соттун чечими керек», — деп түшүндүрдү укук коргоочу Kloop.kgнин кабарчысына.

Kloop.kgге белгилүү болгондой, мүлктөрдүн Түлеевге таандык экендигин аныктоо боюнча өзүнчө соттук териштирүүлөр болгон эмес.

Өз кезегинде жактоочу Ташбалтаев Кыргызстан кезектеги жолу мыйзамсыздыкты көрсөтүп жатканын белгилейт.

«Ал эмес сталиндик заманда да атасы уулу үчүн жооп бербейт деп айтышчу», — дейт ал.

Автор: Айкерим Молдалиев

Редактор: Бектур Искендер