Борбордук мэриянын жумушчулары Сүйөркулов (мурунку Донецкий) атындагы көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү иштерин башташты. Айдоочулар тилкенин оңдолуп жатканына кубанып атышат, бирок оңдоо иштеринин аяктоо мөөнөттөрүнө нааразы болушууда.
Борбордук мэриянын пландарына ылайык, жол тилкеси 9-15 метрге чейин кеңейтилет — бул өз кезегинде төрт тилкелүү унаа кыймылын уюштурууга мүмкүндүк берет.
Учурда Сүйөркулов көчөсүндө асфальт төшөө иштерине даярдык көрүлүп жатат; унаа кыймылы Юнусалиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин убактылуу токтотулду.
«Сүйөркулов көчөсүнө эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлүп, сугаруу тармактары оңдолот жана көчөнү тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт», — деп жазылган мэриянын сайтында.
Жол төшөлмөсүн жаңылоо менен алектенип жаткан жумушчулардын айтымдарында, Сүйөркулов көчөсүн оңдоо иштери эки күн мурун, 3-августта башталган.
«Азыр курулуш техникалары менен бир бригада иштеп атат. Учурда негиз салуу иштери өтө тездик менен жүрүүдө», — деди жумушчу Сүйүнбек Kloop.kgге берген маегинде.
Жолду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын октябрынын ортосуна чейин аяктайт, деп түшүндүрүштү Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынан.
«Тезирээк эле бүтүшсө экен»
Сурамжыланган унаа сүйүүчүлөр Сүйөркулов көчөсүндөгү оңдоо иштеринин башталышын кубаттай тургандыктарын айтышты.
«Мага курулуш иштерин тезирээк эле бүтүшсө жакшы болмок — а эки-үч ай бул өтө узак. А негизи оңдоп баштагандары жакшы», — деди такси айдоочусу Каныбек.
Айдоочу Аман да оңдоо иштеринин мөөнөттөрү боюнча өз нааразычылыгын билдирди.
«Мына, мисалы, түштүк магистралын оңдоп башташты. Алгач үч айдын ичинде бүтөбүз дешти эле жарым жыл болду дагы эле бүтө элек. Андай болуштан Кудай сактасын. А негизинен жол куруу иштеринин башталгандыгы жакшы», — деди ал.
Сүйөркулов көчөсү — борбордун түштүк бөлүгүндөгү негизги жолдордун бири. Ал шаардын бул бөлүгүндөгү эң ири базарлардын бири – Орто-Сай базарынын жанынан өтөт. Жол коомдук транспорт тарабынан активдүү пайдаланылгандыктан анын начар абалы шаар тургундарына өзгөчө ыңгайсыздыктарды жаратып келген.
Сүйөркулов көчөсү салынгандан бери алгачкы жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Буга чейин анын чуңкурлары гана оңдолуп келген.
Автор: Жыргал Таалайбеков