«Ата-Журттун» соттолгон лидерлери депутаттык мандаттарынан ажырашы мүмкүн

images.stories.281_500x324

Борбордук шайлоо комиссиясы «Ата-Журттун» соттолгон үч депутаты Жогорку соттун чечиминен улам парламенттеги мандаттарынан ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирди. Акыркы инстанциядагы сот кечээ депутаттарды бийликти басып алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Боршайкомдун башчысы Туйгунаалы Абдраимов «Ата-Журттун» соттолгон үч депутаты — Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровдор — депутаттык мандаттарынан ажыратыла тургандыктарын билдирди.

Абдраимов депутаттык ишмердүүлүктү көзөмөлдөө боюнча мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрү соттолгон болбошу керектигин айтты.

«БШКнын мүчөлөрү токтомду алгандан кийин ал депутаттарды мандаттарынан ажыратуу жөнүндөгү маселени чечиши керек. Алар эгер соттуулугу жоюлса кийинки депутаттык шайлоодо депутат боло алышат», — деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги БШК төрагасынын айткандарын.

Боршайкомдун төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева Kloop.kgге берген маегинде азырынча аларга Жогорку соттун чечими боюнча токтом алынып келине электигин жана азыр депутатттарды мандаттарынан ажыратуу жөнүндө айтууга эрте экенин билдирди.

«Ата-Журт» партиясынын лидерлерин күнөөлүү деп тапкан Жогорку соттун чечими 6-август күнү кечинде кеч чыгарылган. Акыркы соттук инстанция чечим кабыл алуу үчүн эң аз – эки гана отурум өткөрдү.

Ташиев менен Жапаров 1 жыл 5 айга, Мамытов — 1 жылга эркинен ажыратылды. Бирок ошентсе да үч депутат тең камакка алынбай эркиндикте калышат, анткени алар 2012-жылдын октябрында кармалгандан бери берилген мөөнөттөрүн отуруп бүтүрүп коюшкан.

Депутаттардын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отургандыктары эске алынып, алардын андагы ар бир күнү эки күн катары эсептелинди.

Өз чечими менен Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун 17-июлда чыгарган актоо өкүмүн жокко чыгарды.

Үч депутат тең 2012-жылдын октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митинг маалында бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан деп табылышты.

Алар өздөрү өкүмдү саясий өкүм деп билдиришүүдө, жактоочулары болсо өкүм оппозициянын негизги үч ишмерин депутаттык мандаттарынан ажыратуу үчүн чыгарылган деп эсептеп жатышат

«Биз муну аларды депутаттык мандаттарынан ажыратуу максатында жасалган деп болжолдоп жатабыз. Мындай чечимди бийлик ушул максат менен гана түрттү», — деген «К-Ньюс» маалымат агенттигине берген маегинде депутаттардын жактоочусу Искендер Журабаев.

Депутаттар процесстин жүрүшүндө бир катар мыйзамдар бузулган деп эсептешип, доо арыз менен Конституциялык палатага кайрылууга даярданып жатышат.

«Ата-журтчулар» тарабына айтылган сынга азырынча бийлик эч кандай реакция жасай элек.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Эльдияр Арыкбаев