«Огонек» журналы: Орусиянын миграциялык саясатына киргизилген 10 жаңы тартип

images.stories.281_500x324

Орусиянын «Огонек» журналы өлкөнүн Федералдык миграция кызматы тарабынан иштелип чыккан жаңы концепциядагы миграциялык саясатка киргизилген жаңы эрежелердин эң негизги онунун тандап тизме түзгөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин бир жарым жыл мурун, өлкө башчылыгы кызматына шайлоо кампаниясын баштаганда  жети программалык макала жазган.

Шайлоо алдындагы материалдарынын бири Орусиянын социалдык саясатына арналган, анда негизинен мамлекеттин миграциялык саясатын өзгөртүүгө көп көңүл бурулган.

Федералдык миграция кызматы 2013-жылдын жайында миграция саясатынын жаңы концепциясын жарыялаган.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы Орто Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарын кабыл алуунун шарттарын өзгөртүүнү өткөн жылдын май айында эле демилгелеген. Андагы негизги өзгөрүүлөрдүн бири мигранттарды бир нече мектеп курстарына – орус тили жана орус тарыхына окутуу боюнча борборлордун ачылышы болгон.

Кыргызстандын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылы Орусияда Кыргызстандан барган 380 миң мигрант катталган.

«Огонек» коомдук-саясий журналы Федералдык миграция кызматынын ишке ашып баштаган жаңы эрежелери камтылган 10 документинин тизмесин түзгөн.

1. Карточкалар боюнча жашоо

Миграциялык саясаттын негизги пункттарынын бири электрондук идентификациялык карталардын ишин камсыздап бере турган бирдиктүү маалыматтык системанын киргизилиши болду. Федералдык миграция кызматынын планы боюнча, бул өз ичине паспортту, медициналык камсыздандыруу полисин, пенсиялык күбөлүктү, жол жүрүү күбөлүгүн жана электрондук капчыктарды камтыган пластик карта болот. Картаны Орусиянын бардык жарандары, ошондой эле жашап туруу укугуна ээ болгон мигранттардын кээ бир категориялары алышат.

2. Мигранттарды упайлар менен баалоо системасы

Орусия бийлиги мигранттарды эки категорияга бөлүүнү каалап жатышат: биринчисине жогорку билими бар «акылдуу жана пайдалуу» мигранттар киришет, экинчисине болсо — мыйзамсыз жана «кара жумуш аткарган» мигранттар киришет. Макаланын автору: «тигил же бул мигранттын кандай экенин кантип билсе болот?» деген суроо салган. Документке ылайык, аны билүү үчүн мигранттын канча упайы бар экенин караш керек, ал упайлар аркылуу анын квалификациясы менен социалдык жөндөмдүүлүктөрү аныкталат. «Маселенин майда-чүйдөсү иштелип чыгууда», — деп жазган «Огонек».

3. Дактилоскопия

2013-жылдын май айынан баштап Орусия менен визасыз режимдеги бардык өлкөлөрдүн жарандары чек арадан өтөөрдө милдеттүү негизде дактилоскопия (бармак тагын алуу) процедурасынан өтүшү керек деген эреже киргизилген. Орусия бийлигинин позициясына ылайык, бул мигранттардын өлкө аймагы боюнча жылып жүрүүсүн эсепке алып көзөмөлдөөгө, ошондой эле алар тараптан мыйзамдын бузулушун карап турууга ылайыктуу жападан жалгыз ыкма.

4. Орус тилинен сынак берүү

Орусиядагы бардык эмгек мигранттары орус тилин биле тургандыгын текшертүү үчүн атайын сынактарды берүүгө милдеттүү болушат. Миграция кызматынын билдирүүсү боюнча, мындай өзгөртүүлөр жакында «Билим берүү жөнүндөгү» жана «Орусия Федерациясында чет элдик жарандардын укуктук орду жөнүндөгү» мыйзамдарга киргизилет.

5. Квоталарды карап чыгуу

Жаңы киргизилген эрежелерге ылайык, Орусиянын жумуш берүүчүлөрү жумушчулардын талап кылынып жаткандыгы тууралуу жарыяларды Мамлекеттик ишке орноштуруу кызматынын маалыматтар базасына жайгаштыруулары керек. Эгер ал талап боюнча 2-3 айдын ичинде Орусия жарандарынын арасынан жумушчу табылбаса анда жумуш берүүчү чет өлкөдөн жумушчу чакыруу укугун алышы керек болот. Азыркы учурда чет элдик жумушчуларды чакырууга уруксат алуунун жол-жобосун аткарууга эң аз дегенде тогуз айга созулат.

6. Реадмиссия

Реадмиссия — мамлекеттин башка өлкөдөн депортация кылынышы керек болгон өз жарандарын кабыл алууга макул болушу. Мигранттарды ата мекенине депортация кылуу процесси жөнөкөй эмес жана өтө узакка созулат, ал мезгилдин аралыгында мигранттарды кайсы бир жерде кармап, тамак берип багуу керек. Бул үчүн Федералдык миграция кызматы реадмиссияга туш болгон чет элдик жарандарды жайгаштыра турган борборлордун тармагын курууга ниеттенип жатат. Материалдын автору идеянын ийгиликсиз мисалы катары Европадагы ошондой борборлордун ишин келтирген: Сицилияга жакын жайгашкан Лампедуза аралындагы мигранттар борбору Италия мекендерине кайтара албай калган ливиялык качкындар козголоң чыгаргандан кийин жабылган.

7. Мыйзамсыз миграция уюштургандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин катаалдатуу

Федералдык миграция кызматы 2013-жылдын аягына чейин Орусиянын кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү убадалап жатат, ага ылайык, мыйзамсыз миграция уюштуруу үчүн (322-берене) каралган жаза катаалдатылып, ал оор кылмыштар менен теңелип калат. Орусияга мыйзамсыз миграция уюштурган адамдар эми уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери катары каралып калышат. Ушундай эле чаралар быйыл АКШда да көрүлүп, өлкөнүн миграциялык саясаты өзгөрүлүп жатат — бул президент Барак Обаманын шайлоо алдындагы программасынын пункттарынын бири болгон.

8. Узагыраак мөөнөткө камоо

Административдик кодекске да өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилди. Эгер буга чейин документин көрсөтпөгөн мигранттарды 48 саатка гана камап келишкен боло, эми аларды соттун аныктоосу боюнча узагыраак мөөнөткө камакка ала алышат.

9. Мигранттарды көндүрүү жана интеграциялоо

Жаңы концепциянын кабыл алынышы менен Федералдык миграция кызматы «Мигранттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Орусия Федерациясындагы толук кандуу жашоого көндүрүү жана интеграциялоо пакетин» түзөт. Интеграция жана көндүрүү пакети Орусияда отурукташып калган мигранттарга тийиштүү болот, алардын өздөрүнүн түнт турмуштары менен жашай беришине жана «диний фундаментализмге таяныч болуп калышына жол бербөө» максатында. Документте бул чаралар «мигранттардын социалдык өзгөчөлүктөрүнө, аймактык бөлүнүүлөргө (калктын топторго бөлүнүшүнө) жана анклвдардын пайда болушуна каршы аракеттерди көрүүгө» багытталгандыгы жазылган.

10. Мигранттардын агымын башка жакка буруу

Москва мигранттардын негизги агымы туура келген Орусиянын ири шаарларынын бири. Москва менен Орусиянын епропалык бөлүгүндөгү башка ири шаарлардагы жүктөлүштөрдү азайтуу үчүн өлкө бийлиги Ыраакы Чыгыш менен Байкал аймагынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча план иштеп чыгышкан. Мындай жол менен алар мигранттардын негизги агымын аталган аймактарга бурууну пландап жатышат.

Автор: Улугбек Акишев

Сүрөттүн автору: Елена Скочило