Ысык-Көл: Жергиликтүү тургундардын пансионат аймагына кирип барышына анда соода кылууга тыюу салынгандыгы себеп болгон

images.stories.281_500x324

Жергиликтүү тургундардын Сары-Ой айылындагы “Радуга” жана “Карвэн четыре сезона” пансионаттарынын аймагына кирип барышына анда соода кылууга тыюу салынгандыгы себеп болгон – бул тууралуу Ысык-Көл милициясы билдирди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге берген маегинде 6-август күнү кечинде Сары-Ой айлынын 80дей тургуну темир тосмолорду сындырып, “Радуга” пансионатынын аймагына кирип баргандыктарын билдирди.

Анын айтымында, чырдын чыгышына пансионат жетекчилиги жергиликтүү тургундардын кумжээкке кирүүсүнө чектөө киргизгенинен улам келип чыккан.

«Радуга» пансионатынын жетекчилиги аймагындагы көл жээгине өтүү үчүн акча алып келген. Нааразычылык жергиликтүү тургундардын пансионат аймагына соода түйүндөрүн кое албагандыгынан улам келип чыккан», — дейт Усубакунов.

Анын айтымында, жергиликтүү жашоочулар «Радуганын» аймагы жергиликтүү айыл өкмөтүнө тиешелүү болгондуктан, алар өздөрүн пансионаттын ичине кирүүгө укуктуу деп эсептешкен.

«Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү пансионат менен ижара боюнча беш жылга келишим түзгөн. Буга байланыштуу алар тосмолорду орнотуп алышкан. А жергиликтүү тургундар аны билишкен эмес. Аларга бардыгы мыйзам чегинде чечилиши керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин алар түшүнүп, тарап кетишти», — деди Усубакунов.

Күбөлөрдүн айткандары

Санжар аттуу күбө Kloop.kgге берген маегинде Сары-Ой айылынын 100дөн ашык тургуну «Карвэн четыре сезона» пансионатынын аймагына кирип барышып, андан соң тосмону сындырып «Радуганы» көздөй кеткендиктерин билдирди.

«Карвэн четыре сезона» пансионатынын дагы бир эс алуучусу пансионатка кирүүгө аракет кылган 100дөн ашык киши көргөндүгүн айтты.

«100-200дөй киши дарбазаны сындырып, анан бизди көл жээгинен кууп жиберишти», — деди күбө Kloop.kgге берген маегинде.

Усубакунов тескерисинче, «Карвэн четыре сезона» пансионатына кирип баруулар болбогондугун билдирди. Айтымында, жергиликтүү тургундар негизинен «Радугага» нааразы болушкан.

«Негизги аймак — бул «Радуга» пансионаты. А анын ары жагында «Карвэн четыре сезона» орун алган. Бирок ал жерге кирип баргандар болгон жок», – деди Усубакунов.

“Радуга” жана “Карвэн четыре сезона” пансионаттарынын жетекчилиги “Kloop.kgге” берген маектеринде жергиликтүү тургундардын кирип баргандыктары тууралуу айтылган маалыматты четке кагышты.

Авторлор: Карина Жолдошева жана Бану Багери

Редакторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Улугбек Акишев