Ысык-Көлдөгү веложарыш: Көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен унаа айдоочусуна каршы кылмыш иши козголо элек

images.stories.281_500x324

10-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда өтүп жаткан «Ысык-Көл Гран-при 2013» аталышындагы веложарыштын көрүүчүлөрүн унаа сүзүп кеткен. Анын жыйынтыгында жети киши жараат алган. Азырынча унаа айоочусуна каршы кылмыш иши козголо элек, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы веложарыштагы окуя боюнча тергөө иштерин баштады, кылмыш иши козголо элек, деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

Анын айтымында, учурда унаага техникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат, анын негизинде кылмыш ишин козгоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын көрүүчүлөрдү сүзүп кетишине жогорку ылдамдык себеп болгондугун айтып жатат.

Аталган кызматтын өкүлдөрү унаанын басып өткөн тормоздук жолу 73 метрди түзгөндүгүн белгилешти, бул унаанын «өтө жогорку ылдамдыкта» келе жаткандыгын далилдейт.

Жабырлангандардын беши велосипед жарышын чагылдырып жүргөн журналисттер болушкан.

Усубакуновдун айтымында, калган эки жабырлануучу көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен унаанын ичинде болушкан.

Жабырлангандардын бардыгы тең Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген.

Усубакуновдун маалыматы боюнча, жараат алган жети адамдын экөөсүнүн абалы «орточо» деп бааланууда, калгандары амбулаториялык дарыланууда.

Айдоочуга карата жүргүзүлгөн наркологиялык экспертиза анын мас абалында болгондугун көрсөткөн.

Жабырлангандардын бири Зайырбек Ажиматов Kloop.kgге берген маегинде азырынча айдоочуга каршы арыз жазбай тургандыгын айтты.

«Азырынча [Ажиматовдун арыз берээр бербеси] белгисиз. Менин ден соолугумдун абалына карайбыз, ошондо белгилүү болот», — деди Ажиматов.

Ал өзүнүн абалын «орто» деп баалап жатат — айтымында, азыр башы менен тизесиндеги ооруну сезип жатат.

Окуя жабырлангандар веложарыштын катышуучуларын күтүп жаткан маалда болгон.

Анда жолдо жүк ташуучу унаа, анын артында үлпөт тойдун кортежи жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Кортеждин «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаасы жүк унаасын ашып өтүүгө аракет кылып, көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен.

Автор: Екатерина Беляева