Ботаникалык бакчада эки жаранды мыйзамсыз кармаган милиционерлер «сыйакы алуу укуктарынан ажырашат»

militia

Бишкек милициясы ботаникалык бакчада эки бишкектикти мыйзамсыз кармаган өз кызматкерлерин сыйакы алуу укуктарынан ажыратуу менен жазалайт — бул тууралуу мындай жумшак жаза менен макул болбогон жабырлангандардын бири кабарлоодо.

Милиция тарабынан жабыр тарткан Бишкектин жашоочусу Кирилл Феоктистов өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына аны тоногон милиция кызматкерлери сыйакы алуу укуктарынан ажыратылгандыгын жазган.

Бишкектин тургуну анда милиционерлердин камакка алынбашы үчүн аларга каршы берген көрсөтмөлөрүн жумшарткандыгын, бирок жыйынтыктоочу өкүмдүн мынчалык жумшак болоорун күтпөгөндүгүн билдирет.

«Ооба. Биз балдар түрмөгө камалбасын деп көрсөтмөлөрүбүздү бир аз жумшартканбыз, а бул жерде болсо азырынча аларды кызматтарынан кетирүү ниеттери жок экени аныкталып отурат!» — деп жазган Феоктистов.

Ал укук коргоо органдарынын кызматтарынан алынышына аракет кыла тургандыгын билдирди.

«Ооба, кечирим сурашты. Бирок бул аз, алардын кызматтарынан кетирилишин талап кылабыз. Биз алардын камалбасы үчүн арызыбызды жумшартууга макул болгонбуз», — деп жазган ал «Фэйсбукка».

Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Карима Амангулова Kloop.kgге берген маегинде милиция кызматкерлеринин аты-жөндөрү аныкталгандыгын жана ички коопсуздук бөлүмү тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жаза аныкталаарын билдирди.

Айтымында, кызматтык териштирүү милиционерлер тарабынан кызмат абалын чегинен ашыра пайдалануу болгон-болбогондугун аныкташы керек.

«Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө чындыгында эле ошондой болгон-болбогондугун так билинет. Азыр ал видеону интернетке жайгаштырган адамдар суракка алынат, алардын түшүндүрмөлөрүн карайбыз. Мына мен алардын биринин түшүндүрмөсүн окудум, ал эч кандай акчасы жоголбогондугун жазган», — деди Амангулова.

Жабыр тарткандардын версиялары боюнча, Феоктистов менен анын досу 10-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектин түштүгүндөгү ботаникалык бакчада мыйзамсыз кармалышкан.

Беш милиционерден турган топ борбор шаардын эки жашоочусунан опузалап акча алышкан.

Феоктистов милиционерлердин бири аны бетке «анча катуу эмес» уруп, андан соң алардын акчаларын тартып алгандыктарын айтып, далилдөөгө аракет кылууда.

Жабыр тарткандар окуяны уюлдук телефондоруна тартып алышканы менен милиция кызматкерлери ал файлдарды өчүрүп салышкан.

Бирок Феоктистов ал видео тасмалардын бир бөлүгүн кайрадан калыбына келтирип, аны 13-август күнү эртең менен Kloop.kgнин редакциясына жөнөткөн.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Бектур Искендер