Нарын облусунда унаа кырсыгынан төрт мектеп окуучусу каза болду

militia

Нарын облусундагы унаа кырсыгы төрт мектеп окуучусунун өмүрүн алып кетти — жеңил унаа жогорку ылдамдыкта барып бакка сүзүлгөн. Аман калган эрезеге жете элек айдоочу менен дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

Кырсык 12-август күнү күндүз, Нарын-Баетов унаа жолунун 19-чакырымында болгон.

Алты мектеп окуучусу бара жаткан «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта барып бакка сүзүлгөн.

Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын берген маалыматтарына ылайык, унааны орто мектептин 10-классынын окуучусу башкарып бара жаткан, болжолдуу версия боюнча, ал рулду башкара албай калган.

Кырсыктан айдоочу менен дагы бир жүргүнчү аман калып, экөө тең ооруканага жеткирилген, алардын бири учурда реанимация бөлүмүндө.

Жол кыйылын көзөмөлдөө кызматынын басма сөз катчысы Кылыч Мурзалиевдин айтымында, унаа баланын агасына таандык болгон.

Өспүрүм аны уруксаты жок эле айдап кеткен.

Азырынча кырсык боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Kloop.kgнин редакциясы каза болгон балдардын жакындары менен же кырсыктын күбөлөрү менен байланыша алган жок.

Автор: Карина Жолдошева