Видео: Милиция кызматкерлери ботаникалык бакчада эки бишкектикти кармап жатышат

Бишкектин жашоочусу Кирилл Феоктистов шаардын түштүгүндөгү ботаникалык бакчада досу экөөнү «мыйзамсыз кармаган» милиция кызматкерлеринин беттери тартылып алынган видео тасманын калыбына келтирилген бөлүгүн Kloop.kgнин редакциясы менен бөлүштү.

Окуя 10-август күнү болуп, ал тууралуу Феоктистов «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына кеңири баяндаган соң жалпыга маалым болгон.

Андагы жазылган маалыматка ылайык, Феоктисов анда милиция кызматкерлери менен болгон окуяны толугу менен уюлдук телефонуна тартып алган. Ал билдиргендей, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлеринин бири аны бетке уруп, досу экөөнүн акчаларынын жарымын алып алышкан.

Андан соң милиция кызматкерлери алардын уюлдук телефондорун тартып алышып, андагы видеолордун барды?гын өчүрүшкөн.

Бирок Феоктистов ал тасмалардын 50 секунддук бөлүгүн калыбына келтире алган, анда эң аз дегенде 5 милиционер болгондугу даана көрүнүп турат, бирок алардын үчөөсүнүн гана беттери тартылган бөлүгү калган.

12-августта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде ал окуя боюнча тергөө башталгандыгын билдирген.

“Эгер биздин кызматкерлердин мыйзамга каршы иш жасагандыгы боюнча факты аныкталса кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, буйрук киргизилет, анан ал жыйынтыктын негизинде ШИИБи акчасын төлөтүп берүү же кызматынан кетирүү жөнүндөгү буйрукка кол коет”, — деген мекеменин басма сөз кызматтын өкүлү Карима Аманкулова.

Анын бул айткандары «акчасын кайра төлөтүү же кызматтан кетирүү» жеңил жаза болуп калат деп эсептеген кээ бир интернет колдонуучулардын нааразычыктарын жараткан.

«Эмнеге «кайра төлөтүү же кызматтан кетирүү», а эмнеге кылмыш иши козголбойт? Же бул кылмыш эмеспи?» — деп жазган буга чейинки материалдын алдындагы пикир калтыруу бурчуна «Фэйсбуктун» Даниил Вартанов деген колдонуучусу.

Азырынча видео тасмадагы милиция кызматкерлеринин аты-жөндөрү аныктала элек.

Феоктистовдор менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы болгон окуя тууралуу кененирээк.

Авторлор: Бектур Искендер жана Карина Жолдошева