Тоң райондук ИИБисинин тергөө бөлүмү тарабынан «Гран-при 2013» веложарышынын жүрүшүндө 7 адам жараат алган жол кырсыгынын фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Кырсык Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, «Гран-при 2013» аталышындагы веложарыш өтүп жаткан маалда болгон. Анын жыйынтыгында, жол жээгинде веложарыштын катышуучуларын күтүп турган беш журналист менен эки жергиликтүү турган жараат алышкан.
Жабырланган адамдар үймөлөктөшүп, жарыштын катышуучуларын күтүп жаткан маалда жол аркылуу жүк ташуучу унаа, анын артында үлпөт кортежи жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Жыйынтыгында, жүк унаасын ашып өтүүгө аракет кылган кортеждин «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаасы көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге берген маегинде алгачкы тергөө жол кырсыгына күнөөлүүлөрдү аныктагандыгын билдирди.
Усубакуновдун айтымында, айдоочу каршылаш жол тилкесине чыгып жол эрежесин «одоно бузуу» менен бирге өтө жогорку ылдамдык келе жаткан, анын натыйжасында, жолдун жээгинде турган көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен.
Ал алгачкы тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында унаанын басып өткөн тормоздук жолу 73 метрди түзгөндүгү аныкталгандыгын кошумчалады — бул унаа «өтө жогорку ылдамдыкта», болжол менен саатына 150-160 чакырым ылдамдыкта келе жаткан дегенди билдирет.
«Негизинен, бул жерде эч кандай деле кыйынчылык жок, айдоочу бар, жабырлануучулар бар. Тергөө иштери жакында аяктап, иш сотко жөнөтүлөт», — деди Ысык-Көл облустук ИИБсинин басма сөз катчысы.
Тилекке каршы Ысык-Көл облустук ИИБсинин басма сөз кызматы менен тергөөчүлөрү айыпталып жаткан адамдар менен алардын жактоочуларынын байланыш даректерин бере алышкан жок.
Автор: Екатерина Беляева
Редактор: Улугбек Акишев