Баткен облусу: Шахта урандыларынын астында калган үч кишини куткаруу иштери уланууда

P1040414

Баткен облусунун Самаркандек айылында көмүр казып жаткан үч кишини 13-август күнү болгон селден улам урап кеткен шахтанын урандылары басып калды. ӨКМдин өкүлү учурда шахтага толуп калган сууну сордуруп алуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Көмүр казуучулар жер астында 19 сааттан бери жатышат — шахта 13-август күнү 16:10дор чамасында сел агымынан улам урап кеткен.

Андагы казуучулардын экөөсү шахта ураганга чейин эле чыгып кете алышкан, дагы үчөөсүнүн тагдыры азырынча белгисиз бойдон калууда.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Алмазбек Асанов Kloop.kgге берген маегинде куткаруучулар шахтадагы сууну кечээ түнкү саат экиге чейин сордургандыктарын айтты.

«Караңгы болгондуктан түндө ишти убактылуу токтотконбуз. Бүгүн таңкы алтыда кайра баштадык. Учурда сууну сордуруп алуу иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.

Асановдун айтымында, көмүр казуу иштери жүрүп жаткан ал шахта каттоодон өткөн эмес.

«Алар өз алдынча көмүр казып жатышкан, анда беш киши болгон, экөөсү чыгып кетип, шахтада үч киши калган», — деди ӨКМдин өкүлү.

Асанов урандылардын астында калган шахтерлордун тирүү экендиктерине дээрлик үмүт жок экенин кошумчалады.

Автор: Жыргал Таалайбеков