Бишкек мэриясы: «Жаңы жол» белгиленген мөөнөттө оңдолуп бүтөт

P1040414

Бишкек шаарынын бийлиги Токомбаев  көчөсүн (“Жаңы жол” деген ат менен да белгилүү) оңдоо иштери 31-августка чейин бүткөрүлөөрүн билдирүүдө. Кээ бир интернет колдонуучулар анын белгиленген мөөнөттө бүтөөрүнөн күмөн санап жатышат.

Бишкек мэриясы «Жаңы жолду» оңдоо иштерин бүткөрүү боюнча оптимисттик көз карашта — Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов оңдоо иштеринин бардыгы тең белгиленген мөөнөттө аяктай тургандыгын билдирди.

«Биз “Жаңы жолду” 31-августка чейин оңдоп бүтүүгө жетишебиз. Учурда иштин 85 пайызы аткарылып бүттү», — деди Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, жол белгилерин сентябрда — оңдоо иштери аяктагандан кийин түшүрүү пландалып жатат.

«Жолдун Нуркамал көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки бөлүгүн ачаары менен белгилерди түшүрө баштайбыз. Бул болжол менен сентябрларда болот», — деди ал.

Бирок интернет колдонуучулар Токомбаев көчөсүн оңдоо иштеринин белгиленген мөөнөттө аякташынан күмөн санап жатышат.

Кээ бирлери жолду оңдоо иштери ноябрда гана аяктайт деп эсептешүүдө.

«Асфальт төшөлгөндөн кийин үй ай өткөндө жол белгилерин түшүрө баштай тургандыктарын айтышты, бирок айтып коюуу — бул аткаруу эмес, үч айдан кийин (аяктагандан кийин) кыш түшөт, анан акчаларды бөлүшүп алышат (Сүйөркулов көчөсүнө кетти деп), а жазында болсо жылдагыдай эле акча жок болот», — деп эсептейт «Дизель» форумунун lyudi x аттуу колдонуучусу.

Башкалары былтыр Шаар күнүн белгилөө 29-апрелден 22-сентябрга жылдырылгандай эле быйыл да жол ишке бериле турган күн  жылдырылат деп мыскылдашкан.

«Бизде каалаган учурда Шаар күнүн деле апрелден кийинкиге жылдырышат да? Мында да ошондой: мэр Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү жөнүндө билдирди. Демек жетишпей баратса көз карандысыздык күнүн белгилөө кийинкиге, жол даяр болгон убакка жылдырылат», — деп жазган serqiomik1 деген ысым менен катталган дизелчи.

Токомбаев көчөсү — калк жыш жайгашкан кичи райондор менен шаардын борборун байланыштырып турган Бишкектин түштүк тарабындагы негизги жолдордун бири.

Бирок жол өткөн кылымдын 80-жылдарында курулгандыгына карабастан бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

“Жаңы жолдун” эң көйгөйлүү жери болуп бийлик оңдоп баштаган батыш бөлүгү эсептелинип келген.

Автор: Карина Жолдошева