Ар бир адамдын жашоосунда аны көчөдөн милиция кызматкери токтотуп, документтерин көрсөтүүсүн талап кылган учурлар болушу мүмкүн. Андай учурларда эмне кылуу керек жана милиция кызматкеринин ал аракеттери мыйзамдуубу?
Бул нускама беш милиция кызматкери 10-августта Ботаникалык бакчада эки Бишкек шаарынын жашоочусун «мыйзамсыз» токтотуп, алардан «акча талап кылган» окуядан улам чыгарылууда.
...эмне кылуу керек?
1) Эгер мени милиция кызматкери токтотуп, документимди көрсөтүүмдү өтүнсө...
— Милиция кызматкеринен аты-жөнүн, кайсыл жерде иштей тургандыгын сурап, укук коргоо органынын кызматкери деген күбөлүгүн көрсөтүүсүн өтүнүңүз. Ал сиздин бул өтүнүчтөрүңүздү аткаргандан кийин гана документиңизди сурап, суроо бере алат.
2) Эгер менин жанымда өздүгүмдү аныктай турган бир дагы документ жок болсо...
— Сиздин ким экендигиңизди ырастап бере ала турган же документиңизди алып келип берчү туугандарыңызга телефон чалыңыз.
3) Эгер милиция кызматкери сиздин милиция бөлүмүнө барышыңызды өтүнсө...
— Алгач себебин жана андай өтүнүчтүн негиздемесин билиңиз, андан соң ата-энеңизге, туугандарыңызга же досторуңуздун бирине телефон чалып, сизди кармаган милиция кызматкеринин аты-жөнүн, кызматын, күбөлүгүнүн номурун, учурда турган дарегиңизди жана кайсыл милиция бөлүмүнө алып бараары жөнүндө билдириңиз.
4) Эгер мен 18 жашка толо элек болсом...?
— Милиция кызматкеринен сиздин кайсыл жерде экендигиңиз тууралуу ата-энеңизге же туугандарыңызга расмий түрдө кабарлоосун талап кылыңыз.
5) Эгер менин кайсыл жерде экендигим тууралуу туугандарыма билдирүү боюнча өтүнүчүмдү аткарышпаса...?
— Кармалгандыгыңыз тууралуу протоколдун түзүлүшүн же кармалгандыгыңызды каттоого алууларын талап кылыңыз. Эрезеге жете электер туугандары келгенге чейин эч кандай документке кол койбой, эч кандай суроолорго жооп бербей койгондору оң.
6) Эгер мен мыйзам буза тургандай эч нерсе кылбагандыгыма ишенсем, а алар мени кармашса...?
— Милиция кызматкерлери менен урушуп же алардан качып кетпегиле. Бул абалды татаалдаштырып жибериши мүмкүн. Сиздерде ИИМ кызматкеринин андай аракеттери боюнча прокурорго же райондук сотко даттануу арыз менен кайрылуу укугуңуздар бар.
Автор: Екатерина Беляева