Баткен облусу: Шахта урандыларынын астында калган адамдар бүгүн куткарылышы мүмкүн

ӨКМ Баткен облусунун Самаркандек айылындагы шахта урандыларынын астында калган үч адамды издөөсүн улантып жатат. Мекеменин кызматкерлеринин айтымдарында, куткаруу иштери бүгүн аякташы мүмкүн.

Баткен облусундагы шахта урандыларынын астында калган үч кишинин тагдыры дагы деле белгисиз бойдон калууда.

Алар 13-август күнү көмүр казуу маалында агып келген селдин суусунан улам урап кеткен шахтада дээрлик эки суткадан бери жатышат. ӨКМдин өкүлдөрү көмүр казуучулардын аман калгандыктарынан үмүт үзүшүүдө.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Алмазбек Асанов куткаруу иштери күндүн аягына чейин бүткөрүлөт деген үмүттө.

«Көрсө ал жакта таштар да ураптыр, бирок азыр алар тазаланып бүттү, сууну сордуруп алууну улантып атабыз. Кудай буюрса бүгүн жетебиз», — деди Асанов.

Кырсык болгон жерде 30дай куткаруучу жана бир өрт өчүрүү тобу иштеп жатышат, анда ошондой эле ишке тартылган жергиликтүү жашоочулар да бар.

Баткен облусунун Самаркандек айылында көмүр казып жаткан үч кишини 13-август күнү болгон селден улам урап кеткен шахтанын урандылары басып калган.

Алгач, шахтада беш киши болгон, бирок алардын экөөсү сыртка чыгып, кутулуугу үлгүрүшкөн.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлүнүн айтымында, шахта каттоодон өткөн эмес жана андагы көмүр казуу иштери мыйзамсыз жүрүп жаткан.

Автор: Жыргал Таалайбеков