Кыргызстан «Рошен» момпусуйларынан зыяндуу заттарды тапкан жок

Кыргызстандын санитардык эпидемиологиялык изилдөөсү Украинадан алынып келинип жаткан «Рошен» момпосуйларында бензопирен затынын жоктугун көрсөттү. Буга чейин Орусия украин кондитер азыктарында бензопирендин бар экендигин айтып, алардын өлкөгө киргизилишине тыюу салган.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлө Исаков Kloop.kgге берген маегинде анын кызматкерлери бензопиренди аныктоо изилдөөсүнөн сырткары «Рошен» момпусуйларынан зыяндуу заттардын жоктугун аныктаган дагы бир нече кошумча анализдерди жүргүзгөндүктөрүн билдирди.

«Биз кондитер азыктарынан оор цинк, мышьяк сыяктуу металлдардын туздарын да текшердик, бирок алар жок болуп чыкты», — деди Исаков.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы изилдөө үчүн кондитер азыктары Бишкектин ири дүкөндөрү менен базарларынан тандалып алынып, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясына берилгендигин билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанга азык-түлүктөрдүн көпчүлүгү Украинадан, Казакстандан жана Кытайдан алынып келинет — азыктардын бардыгы тең өлкөнүн аймагына киргизилгенге чейин эле лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлөт.

«Лабораториялык изилдөөдөн кийин Ооруларды алдын алуу департаменти менен Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменттери азык-түлүктөрдү текшерүүдө аныкталган мүчүлүштүктөр жөнүндө же тескерисинче, азыктардын бардык санитардык нормаларга жооп бере тургандыгы боюнча бажы кызматына маалымат жөнөтөт», — деп түшүндүрдү мекеменин басма сөз кызматы азык-түлүк текшерүү процессин.

Текшерүүлөргө «Рошен» компаниясы менен Орусиянын Кардардын укуктарын коргоо жана адамдардын саламаттыгы тармагы боюнча көзөмөл жүргүзүү федералдык кызматынын ортосундагы жаңжал себеп болгон — Орусия бийлиги украин өндүрүүчүсүнүн продукциясынын сапатындагы көйгөйлөрдү айтып, алардын кондитер азыктарынын өлкөгө киргизилишине тыюу салган.

Орусия менен удаа эле «Рошен» компаниясынын продуктуларын Тажикстан, Казакстан, Молдова жана Белоруссия өлкөлөрү текшере башташкан. Бирок бул өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөр да кондитер азыктарында бензопирендин жоктугун көрсөткөн

Автор: Карина Жолдошева