Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Бахтияр Алтаев ботаникалык бакчада эки шаар тургунун «мыйзамсыз кармагандыктары» тууралуу тарап кеткен маалыматты четке кагууда. Жабырлангандардын бири милиционердин бул айткандары чындыкка дал келбестигин билдирди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 10-август күнү ботаникалык бакчада күзөттө болгон кызматкеринин бири Бахтияр Алтаев өзүн жабырлануучу катары эсептеп жаткан Кирилл Феоктистов ал күнкү окуяны бурмалап маалымат таратканын билдирди.
Анын айтымында, алар ошол күнү рюкзак, чоң сумкачан балдарды көрүшкөн.
«Качан биз жакындап баштаганда алар бизден алыстай башташты, мындан улам алар шектүү көрүнүштү. Биз жакын келип, өзүбүздү тааныштыргандан кийин документтерин талап кылдык. Аларды эч ким кемсинтип, сөккөн эмес. Биз сыртынан гана текшердик», – деди Алтаев маалымат жыйынында.
Бишкек ШИИБсинин күзөт кызматындагы 3-ротанын командири Борборбек Ташматов акыркы кездери ботаникалык бакчада кол салуу, талап-тоноо, зордуктоо сыяктуу кылмыштар көп болуп жаткандыктан андагы көзөмөл күчөтүлгөнүн айтып түшүндүрдү.
Ташматовдун айтымында, 10-август күнү да ботаникалык бакчанын аймагындагы коомдук тартипти сактоо үчүн күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлүп жаткан.
«Эки бала талдардын арасында отурушкан. Кире бериште гүлзар аркылуу басууга болбой тургандыгы жазылып тургандыктан милиционерлер аларга барып, саюуучу же кесүүчү буюмдар жокпу деп сырттан текшеришкен», – деп билдирди Ташматов.
Жабырлануучулардын бири Кирилл Феоктистов милиция кызматкерлеринин айткандарын четке кагып, алар досу экөө «рюкзактары менен талдардын арасында» отурбагандыктарын билдирди. Айтымында, милиция кызматкерлери токтотуп, документтерин «талап кылган» маалда алар ботаникалык бакча аркылуу өтүп бара жатышкан.
«[…] ага мен документтеримдин жоктугун айтып, чөнтөктөрүмдү текшерүүгө эки күбөнүн көзүнчө гана уруксат берээримди билдирдим. Анан алар бизди шаардык милиция бөлүмүнө алып бара тургандыктарын айтышты, бирок анын ордуна дагы үч милиция кызматкеринин жанына ээрчитип келишти, анан албетте алар бизди күбөлөрү жок эле тинтүүгө алышты», – деди Феоктистов.
Ал Kloop.kgге берген маегинде милиция кызматкерлери сырттан текшерүү жүргүзбөстөн «чөнтөктөр менен рюкзактарды аңтаргандыктарын» кошумчалады.
«Ботаникалык бакчадагы мыйзамсыз кармоо»
Окуя 10-август күнү болуп, ал тууралуу Феоктистов «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына кеңири баяндаган соң жалпыга маалым болгон.
Феоктисов анда милиция кызматкерлери менен болгон окуяны толугу менен уюлдук телефонуна тартып алган. Ал билдиргендей, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлеринин бири аны бетке уруп, досу экөөнүн акчаларынын жарымын алып алышкан.
Андан соң милиция кызматкерлери алардын уюлдук телефондорун тартып алып, андагы видеолордун бардыгын өчүрүп салышкан.
Феоктистов видео тасманын 50 секунддук бөлүгүн калыбына келтире алган, анда эң аз дегенде 5 милиционер болгондугу даана көрүнүп турат, бирок алардын үчөөсүнүн гана бети тартылган бөлүгү сакталып калган.
Анда ШИИБи милиция кызматкерлерине карата ички териштирүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин гана жаза колдоно тургандыктарын билдирген.
Автор: Жыргал Таалайбеков
Редактор: Улугбек Акишев