Нурлан Мотуев – болгону болгондой [+ аудио-маек жана анын билдирүүлөрүнүн хит-парады]

P1040414

Акыйкатчылыкка талапкер Нурлан Мотуев акыркы үч күндөн бери социалдык түйүндөрдөгү эң активдүү кыргызстандык болду окшойт. Ал кээ бир учурларда уят сөздөрдү кошуп дээрлик бардык журналисттер менен урушууга жетишти, бирок ошентсе да ал өзүн эч кимди кемсинткен жокмун деп эсептеп жатат.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА: Бул материалда уят сөздөр бар. Эгер сиздин ишенимиңиз андай сөздөрдү окууга жол бербесе анда баракчаны жабыңыз же Клооптун башкы барагына кайтыңыз.

Мотуевдин журналисттер менен чырлашуусу 12-август күнү күндүз, ал өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасында 24.kg маалымат агенттигинин журналисти Шавкат Тургаевди «уйгур далбайоб» деп атагандан кийин башталган.

Мотуевди Тургаев аны акыйкатчы кызматына талапкерлигин коюп жаткан дагы бир талапкер Сергий Радонежский жана «Айкөл Манас» атындагы фонддун жетекчиси, “апенди чалыш”  Игорь Трофимов менен салыштырганы анын жинин келтирген.

Мотуевдин социалдык түйүнгө жазгандары «Фэйсбукта» көптөгөн талкууларды жаратты — ал талкууларга өзү автивдүү катышып, журналисттер тарабынан өзү жөнүндө жазылган билдирүүлөрдүн дээрлик бирине да калтырбай жооп берген. Анда анын негизги көңүлү 24.kgнин кабарчыларына бөлүнгөн.

Акыркы үч күндүн ичинде Мотуев аталган басылманы «күлү калгыча» өрттөй тургандыгын убадалап, журналисттеринин бирин «сойку» деп, башкы редактор Асель Оторбаеваны — «жалган, чындыкка дал келбеген маалымат таркатуучу» деп атоого жетишкен, андан сырткары ал коомдун «тазарышы» үчүн «чоң кан төгүүнү» сунуштаган.

Kloop.kgнин редакциясы «Фэйсбукта» 2009-жылы президенттикке талапкерлигин койгон Нурлан Мотуевдин атынан чынында эле өзү жаза тургандыгына буга чейин бир нече жолу ынанган.

Бирок ошентсе да биздин кабарчы интернетте жазылган билдирүүлөрдүн чын эле ага тиешелүү экендигине дагы бир жолу ынануу үчүн телефон чалып аны менен байланышты.

Мотуев телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө социалдык түйүндөгү билдирүүлөрдү чынында эле өзү жазгандыгын ырастап, «алар өздөрү биринчи баштагандыктан» андагы журналисттердин дарегине айтылган комментарийлерин мазактоо, кемсинтүү катары эсептебей тургандыгын кошумчалады.

Мотуев менен болгон маекти угуу:

Kloop.kgнин редакциясы Мотуевдин акыркы күндөрдөгү өзгөчө билдирүүлөрүнүн рейтингин түздү.

Биз акыйкатчылыкка талапкер Мотуевдин билдирүүлөрүнүн үтүрүн да оңдобой туруп, болгонун болгондой чыгардык.

5-орун. Нурлан Мотуев журналист Шавкат Тургаев жөнүндө:

«Я его найду хоть в утробе матери».

Шилтеме

4-орун. Нурлан Мотуев Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматы жөнүндө:

«И на СНБ я клал толстый хуй ! (»

Шилтеме

3-орун. Нурлан Мотуев Аллах жөнүндө:

«АЛЛАХ не настолько же мелочен, что тебе будет всё разжёвывать».

Шилтеме

2-орун. Нурлан Мотуев өзүнүн кудурети жөнүндө:

«Об этом мне рассказал сам Боб Рузиметов(ныне покойный) при общаке, когда я сидел в СИЗО. Вначале он придрался мне, что, мол я Рыспековский. Но, получив удар в лицо от меня, он подтянул общак. А Баха-положенец нас помирил, сказав, что половина преступного мира уважает Мотуева».

Шилтеме

1-орун. Нурлан Мотуев орус тилинин грамматикасы жөнүндө:

«Долбойоб я правильно написал. Корень слова — йобарь. Я не читал нигде ёбарь. Даже в порносайтах».

Шилтеме

Авторлор: Алексей Ким жана Бектур Искендер