Баткен облусу: Куткаруучулар каза болгон шахтердун денесин табышты

ӨКМдин куткаруучулары сел агымынан улам урап кеткен шахтада көмүлүп калган үч кишинин бирөөсүнүн денесин табышты. Азырынча берки эки адамдын денелери табыла элек.

Баткен облусунун Самаркандек айылында суу толуп урап кеткен шахтадагы адамдарды куткаруу иштери үч суткандан бери уланууда. Аларды сел агымы капатап, суу  шахтанын кире беришин тосуп калган.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, табылган дене 36 жаштагы Баткен облусунун жашоочусу Бакыт Айдаровго таандык экендиги аныкталды.

«Сөөгү туугандарына берилди. Ал Баткендин жашоочусу болгон, ошондуктан денесин ӨКМдин унаасы менен үйүнө чейин жеткирдик», — деди ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгын башчысы Алмазбек Асанов Kloop.kgге берген маегинде.

Кырсык болгон жерде 30дай куткаруучу жана бир өрт өчүрүү тобу иштеп жатышат, анда ошондой эле ишке тартылган жергиликтүү жашоочулар да бар.

Баткен облусунун Самаркандек айылында көмүр казып жаткан үч кишини 13-август күнү болгон селден улам урап кеткен шахтанын урандылары басып калган.

Алгач, шахтада беш киши болгон, бирок алардын экөөсү сыртка чыгып, кутулуугу үлгүрүшкөн.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлүнүн айтымында, шахта каттоодон өткөн эмес жана андагы көмүр казуу иштери мыйзамсыз жүрүп жаткан.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды