Нарын: Жол кырсыгынан аман калган өспүрүмдөрдүн бири ооруканада көз жумду

12-августтагы унаа кырсыгынан аман калган эки өспүрүмдүн бирөөсү бүгүн эртең менен Нарын облустук ооруканансынын реанимация бөлүмүндө каза болду. Экинчиси учурда травматология бөлүмүндө дарыланууда. Жалпысынан унаа кырсыктан беш бала каза болду.

Нарын облустук ооруканасынын травматология бөлүмү унаа кырсыгынан аман калган эки өспүрүмдүн бири бүгүн эртең менен каза болгонун билдирди.

Медайым өспүрүмдүн кайсы жаратынан улам каза болгонун тактап айткан жок.

Кырсык болгон маалда унаанын ичинде алты өспүрүм бала болгон, алардын төртөө дароо эле ошол жерден көз жумушкан.

Kloop.kgнин редакциясына каза болгон балдардын биринин тууганы телефон чалып, анын көз жумгандыгы жөнүндө биринчи кабарлаган.

Анын айтымында, каза болгон бала 10-класстын окуучусу болгон.

«Алар туулган күн белгилеп, сууга түшкөнү бара жатышкан, ал жакта жылуу суу бар…анан жолдо баратышып каза болушкан», — деди Жусуп.

Кырсык 12-август күнү, Нарын-Баетов унаа жолунун 19-чакырымында болгон.

«Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта барып бакка сүзүлгөн.

Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын берген маалыматтарына ылайык, унааны орто мектептин 10-классынын окуучусу башкарып бара жаткан, болжолдуу версия боюнча, ал рулду башкара албай калган.

Жол кыйылын көзөмөлдөө кызматынын басма сөз катчысы Кылыч Мурзалиевдин айтымында, унаа баланын агасына таандык болгон.

Өспүрүм унааны уруксаты жок эле айдап кеткен.

Автор: Бегайым Акбарова