Өкмөт «Центерра Голд» менен болгон сүйлөшүүлөрүн баштады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башында турган Кыргызстандын өкмөтү «Кумтөр» алтын кени боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу үчүн «Центерра Голд» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү баштады, деп билдирди «Азаттык» радиосу.

«Азаттык» радиосунун сайты премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовго шилтеме жасап жазгандай, «Кумтор» боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү 17-август күнү Бишкекте башталган.

Буга чейин Сатыбалдиев Кыргызстандын бийлигинин позициясы «Центерра Голд», “Кумтөр Оперейтинг” жана “Кумтөр Голд компани” компанияларын бириктирип алтын казуу жана иштетүү боюнча бир ишкана түзүп, “Центерра голддун” директорлор кеңешине кыргыз жана канадалыктар тарабынан теңме-тең мүчөлөрдү дайындоо экенин билдирген.

Ошондой эле биргелешкен ишканадагы акциялардын үлүштөрү боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу айтылган.

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр

«Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу боюнча алгачкы олуттуу билдирүүлөр 2012-жылы башталган.

Анда «Ата-Журт» фракциясынан депутат Садыр Жапаров башында турган депутаттык комиссия компаниянын кендеги ишинде бир катар экологиялык нормалардын бузуп жаткандыгын аныктап чыккан.

Болжол менен ошол эле маалда канадалыктар менен түзүлгөн бардык келишимдердин жокко чыгарылышын жана  кендин толугу менен улутташтырылышын талап кылган оппозициянын нааразычылык акциялары башталган.

Жогорку Кеңеш 2013-жылдын жаз айларында «Центерра Голд» компаниясы менен болгон макулдашууларды кайрадан карап чыгып, ал боюнча үч айдын аралыгында сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу токтом чыгарган. Кийинчерээк бул мөөнөт өкмөттүк чиновниктердин өтүнүчү менен дагы узартылган.

2013-жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык башаламандык башталып, алар алтын кенин бир нече саатка электр жарыгысыз калтырышкан. Андагы абал качан кыргыз бийлиги менен аскер кызматкерлери кийлигишкенден кийин жөнгө салынган.

Автор: Улугбек Акишев