Аскаровдун иши: Жактоочулар мүмкүн болгон кыйноолордун иликтенишин талап кылышууда

Жактоочулар өмүр бою эркинен ажыратылган жалал-абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун мыйзамсыз кармалгандыгы жана мүмкүн болгон кыйноолор боюнча кылмыш ишин кайрадан жандандырууга аракет кылып жатышат.

Укук коргоочу «Бир Дүйнө — Кыргызстан» кыймылы сот жообуна тартылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата жасалышы мүмкүн болгон кыйноолор боюнча ишти кайрадан жандандыруудан баш тарткан Жалал-Абад шаардык сотунун чечимин 21-июнда жокко чыгарууга аракет кылат.

Жалал-Абад шаардык соту анда чечимин Аскаровдун иши боюнча тергөө аяктагандыгы менен түшүндүргөн.

«Сот (төрагалык кылган судья Аттокуров С.) даттануу арызы тергөө жүрүп жаткан жердеги сотко жөнөтүлөөрүн, а Аскаровдун иши боюнча тергөө эбак эле аяктагандыгын айтып, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты», — деп жазылган укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Бирок сот жообуна тартылган укук коргоочунун жактоочулары эгер Аскаровдун мыйзамсыз кармалгандыгы жана милиция тарабынан кыйноолордун болгондугу далилденсе анын ишин кайрадан жандандырса болоорун айтып жатышат.

«Кыйноолор болгондугу фактысы таптакыр каралбай эле, анткени иште анын эч ким кыйноого албагандыгы тууралуу жазган арызы бар экен. А чындыгында аны кыйнашкан жана эгер ал жөнүндө айтса сабай тургандыктарын билдиришкен», — деди укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Kloop.kgге берген маегинде.

Комментарий алуу үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасы менен соту азырынча жеткиликсиз болуп жатышат.

Азимжан Аскаров — укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшкөн Жалал-Абад облусунан чыккан этникалык өзбек.

Ал милиция тарабынан 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө орун алган кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжал маалында кармалган.

Ал «улуттар аралык араздашууну тутандырган» жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

Аскаров 2010-жылы алгач төмөнкү инстанциядагы сот тарабынан, андан кийин Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эл аралык амнистия» уюму баш болгон бир топ укук коргоочу уюмдар Аскаровду куугунтуктоону сынга алышкан – алар чечим милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылгандыгын, жана укук коргоочуга карата «кыйноолор колдонулуп», анын иши боюнча процесс олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун айтышкан.

2012-жылдын май айында Аскаровдун жактоочусу Евгения Крапивина жактоочу тарап дагы 10 жаңы күбөнүн көрсөтмөсүн нотариалдык жактан күбөлөндүрө алгандыгын билдирген.

Алардын бардыгы тең 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжал маалында милиция кызматкери Сулайманов каза болгон Базар-Коргон айылындагы көпүрөдө укук коргоочу болбогондугун айтышкан.

Бирок Кыргызстандын соттору бүгүнкү күнгө чейин кайра ачылган жагдайлар боюнча ишти жандандыруудан баш тартып келишет.

Аскаров жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөөдө.

Авторлор: Карина Жолдошева жана Эльдияр Арыкбаев