Бишкек мэриясы Сүйөркулов көчөсүндөгү бактарды кыйбай тургандыгын айтып, убада берүүдө

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө Сүйөркулов (Донецкий) көчөсүнүн жээгиндеги эмен бактары кыйылбайтбул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин мэриянын кызматтарынын бири ал бактарды кыюууну пландаган болчу, бул чечим өз кезегинде жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыктарын жараткан.

Борбордук мэриянын басма сөз катчысы Эдита Аипова Kloop.kgге берген маегинде жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорго өзгөртүүлөр киргизилип, Сүйөркулов көчөсүндөгү бактар кыйылбай тургандыгын ырастады.

«Мэр кечээ жашоочулар менен жолукту. Анын жүрүшүндө Байтик Баатыр [Совет] көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки жол жээгинде өсүп жаткан эмен бактарын сактап калуу чечими кабыл алынды», — деди Аипова.

Ал ошондой эле бийликтин эмендерди сактап калуу боюнча чыгарган чечимине карабастан, журналисттерге баары бир бактар кыйыла тургандыгын билдирген шаар мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлүнүн айткандарын четке какты.

«Капиталдык курулуш башкармалыгынын ал өкүлү бактарды сактап калуу маселеси чечилген чогулушта болгон эмес. Анын күнөөсү жок. Кечээ дем алыш күн болгон да, ошондуктан ал билген эмес», — деди Аипова.

Бактардын сакталышы үчүн чыгып жаткан «БИОМ» экологиялык кыймылынын кызматкери Анна Кириленко Kloop.kgге берген маегинде экологиялык нормаларга ылайык, шаар «тиешелүү деңгээлде» жашылдандырылбагандыгын билдирди.

Анын айтымында, комфорттуу жашоо үчүн бир шаар тургунуна 23 чарчы метр аянтка отургузулган жашыл өсүмдүк туура келиши керек, а азыркы учурда болсо бир шаардыкка 6,5 чарчы метр туура келет.

«Бул такыр эле жетишсиз. Бул биздин өтө эле жагымсыз экологиялык шарттарда жашап жатканыбызга себеп болууда», — дейт ал.

Бишкек бийлигинин Сүйөркулов көчөсүндөгү бактарды кыюуу боюнча планы жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыгын жараткан, алар 16-август күнү кичи нааразычылык акциясын өткөрүүгө да жетишишкен.

Бишкектин эң талкаланган көчөлөрүнүн бири болуп саналган Сүйөркулов көчөсү Орто-Сай базарынын жанынан өтүп, кичи райондор менен шаардын борборун байланыштырып турат.

Буга чейин бишкектиктер аталган көчөнүн асфальт төшөлмөсү өтө начар абалда экенин айтып, даттанып келишкен.

Көптөгөн даттануулардан кийин шаар бийлиги Сүйөркулов көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү иштерин быйыл августтун башында баштаган.

Автор: Алексей Ким