Бишкек: Тез жардам унаасы менен сүзүшкөндө жараат алган жүргүнчү жалпы палатага которулду

Бишкектин борборунда тез жардам унаасы менен сүзүшкөн «Мазданын» жүргүнчүсү реанимация бөлүмүнө бир күн жаткандан кийин бүгүн жалпы палатага которулду. Азырынча унаа кырсыгынын күнөөлүүлөрү аныктала элек.

Шаардык №4 оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Kloop.kgге берген маегинде унаа кырсыгынан жараат алган кишинин абалы «канааттандыраарлык» деп бааланып жаткандыгын билдирди.

«Ал реанимациялык бөлүмдөн жалпы палатага которулду. Анын бутунун үстүнкү бөлүгү ичинен сынган жана баш сөөгү чайкалган», — деди Кубатбеков.

Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан тез жардам унаасындагы дарыгерлер мээлери чайкалып, учурда улуттук госпиталда жаткандыктарын билдиришти.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кырсык боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын жана азырынча кылмыш иши козголо электигин билдирүүдө.

Жеке медициналык тез жардам кызматынын унаасы «Мазда» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен 18-август күнү, Бишкектин борборунда сүзүшкөн.

Соккудан улам тез жардам унаасы капталына жыгылган, а «Мазданын» оң жак капталы талкаланган.

Жеңил унаанын айдоочусу Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде тез жардам унаасы светофор кызыл күйүп турган маалда эч кандай үндүк коштоосуз жогорку ыламдыкта өтүп бара жатканын билдирген. Бирок бул маалымат азырынча башка булактар менен ырастала элек.

Кырсыктан «Мазданын» жүргүнчүсү катуу жараат алып, шаардык №4 ооруканага жеткирилген.

Кырсык болгон жерге келген даарыгерлер алгач анын абалын «оор» деп баалашкан.

Жол коопсуздук эрежелерине ылайык, тез жардам унаалары жол кыймылынын башка катышуучуларына караганда бир катар артыкчылыктарга ээ.

Бирок ошондой эле эрежеде артыкчылык катары — мисалы, светофордун кызыл белгиси күйүп турган маалда — «башка унаалардын жол бошотуп берип жаткандыктарына ынангандан кийин гана» өтө алышат, деп жазылган.

Автор: Жыргал Таалайбеков