Видео: Бишкек ШИИБсинин милиция чиновнигинин кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдө пара талап кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн биринин башчысы кармалагандыгын билдирүүдө.

http://www.youtube.com/watch?v=rNQS4l27hBY

Атайын кызматтагылар азырынча жогорку кызматтагы милиционердин аты-жөнүн ачыкка чыгарбай эле.

УКМКнын версиясы боюнча, кармалган адам «Кыргызстанга унаа каражаттарын алып кирүүдө ишкерликке тоскоолдуксуз шарт түзүп берүү үчүн» жеке ишкерден 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган.

УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам учурда УКМКнын тергөө абагына камалды.

Автор: Эльдияр Арыкбаев