«Ата-Журттун» соттолгон депутаттары мандаттарынан ажырашты

Боршайком оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидерлерин парламенттеги орундарынан ажыратты. Депутаттар Жогорку сот тарабынан бийликти басып алуу аракеттери үчүн августтун башында соттолушкан.

Боршайкомдун укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси Асель Кадыркулова Kloop.kgге берген маегинде мекеме «Ата-Журттун» депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду ыйгарым укуктарынан ажыратуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Буга чейин Ташиевдин ыйгарым укуктарын сактап калуу жөнүндөгү анын жактоочусу Акин Токталиевдин арызы канааттандырылган эмес болчу.

«Ата-Журттун» депутаттары Жогорку сот тарабынан «бийликти басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышкан.

Ташиев менен Жапаров 1 жыл 5 айга, Мамытов 1 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок ошентсе да өкүм чыгарылгандан кийин үч депутат тең камакка алынбай эркиндикте калышкан, анткени алар берилген мөөнөттөрүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отуруп бүтүрүп коюшкан.

«Депутаттын статусу жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, алар соттолгондон кийин парламентарий боло алышпайт.

Ташиевдин жактоочусу БШКнын чечими боюнча Бишкектин райондор аралык сотуна даттана тургандыгын билдирди.

Ал чечимди мыйзамсыз деп атады. Анткени БШК Жогорку соттун «ата-журтчуларга» карата чыгарган өкүмү тууралуу даттануулардын бардыгы каралып бүтө электе эле чечим чыгарды, дейт ал.

Оппозиция лидерлери соттун аларга карата чыгарган өкүмүн «саясий иш» деп аташкан.

Автор: Алексей Ким