Кыргызстан Тажикстан менен болгон чек арасындагы үй-бүлөнүн өлтүрүлүшүн иликтебейт

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Kloop.kgге берген маегинде Тажикстан менен болгон чек арадагы үй-бүлөнүн өлтүрүлүшүн иликтебей тургандыктарын билдирди.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде массалык адам өлтүрүү орун алган Тажикстандын Исфара шаарынын жанындагы аймак Кыргызстанга тиешелүү эмес экенин билдирди.

“Ал биздин аймакка кирбейт. Тергөө иштерин тажик тарап жүргүзүүдө. Кыргызстан ал ишке кийлигишпейт”, — деди Осмонбаев.

Жалпыга маалымдоо каражаттары Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы «Участок-5″ чарбасынын талаа лагери «талаш» жер болуп эсептелээрин жазышкан.

Осмонбаевдин айтымында, окуя 19-август күнү кечинде болгон.

Белгисиз адамдар талаа лагеринин кароолчусунун үйүнө кирип барышып, анын үй-бүлө мүчөлөрүн атып салышкан.

“Экөөсү 60 жаштардагы улгайып калган адамдар болушкан. Ошондой эле 1975-жылы туулган аял менен 2000-жылкы бала бар болгон. Алар Тажикстандын жарандары. Ал жакта алардын жеке чарбалары болгон”, — деп айтып берди басма сөз катчы.

«Азия-Плюс» маалымат басылмасы Исфана шаарындагы жеке булактарына шилтеме жасап, окуя болгон жерге Тажикстандын ИИМинин жогорку кызматтагы чиновниктери келе тургандыгын билдирген.

Автор: Карина Жолдошева