Сот: Жөө адамды сүзүп кеткен депутаттын айдоочусу жаза өтөөдөн бошотулду

Токмоктогу Чүй райондук сотунун катчысы Kloop.kgге берген маегинде депутат Ирина Карамушкинанын айдоочусу «эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына» байланыштуу жөө адамды сүзүп кеткендиги үчүн жаза өтөөдөн бошотулгандыгын билдирди.

Ирина Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурасёв үч жылга эркинен ажыратылып, унаа айдоосуна бир жыл тыюу салынышы мүмкүн болчу.

Бирок Токмоктогу Чүй райондук сотунун катчысы Асема Мурзабаеванын айтымында, ал кылмышынын «эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына» байланыштуу бошотулган.

Мурзабаева өкүм боюнча андан ары комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал адамдын кылмышынын эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайсыл убактарда бошотулаары жөнүндө жазылган Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 67-беренесине шилтеме жасады.

Хурасёвдун жактоочусу Анвар Курмушиев Kloop.kgнин кабарчысына ал жактоого алган адамга каршы козголгон кылмыш иши токтотулгандыгын айтты.

Хурасёв жөө адамды Токмок шаарынын жанынан 2012-жылдын февраль айында өлтүрө сүзүп кеткен.

Чүй райондук соту айдоочу атайылап кылган эмес, кокустан болгон деп эсептеп, бул кылмышты «анча оор эмес кылмыш» катары баалаган. Ошондуктан анын эскирүү мөөнөтү бир жылдан кийин эле бүтүп калды, ал эми оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жылга чейин жетиши мүмкүн.

Экспертизанын жыйынтыктары боюнча, Хурасёв унаа башкарып бара жаткан маалда мас абалында болгон, бирок өкүм чыгарууда ал эске алынган эмес.

Буга чейин маалымат каражаттары жабырлануучу Канат Жайлоевдин жактоочусуна шилтеме жасап, Хурасев шарттуу түрдө эки жылга эркинен ажыратылганын билдиришкен, бирок сот менен Хурасёвдун жактоочусу бул маалыматты четке кагышты.

Жайлоевдин өзү 24.kg маалымат агенттигине соттун чечими менен макул эмес экенин айтып, моралдык жана материалдык зыян үчүн депутат Карамушкинадан компенсация төлөтүп алууну көздөп жатканын билдирген.

Карамушкина «кийлигишпей эле»

Депутат Карамушкина Kloop.kgге берген маегинде соттун өкүмү жөнүндө эч нерсе билбестигин айтты.

«Мен ал ишке кийлигишкен жокмун», — деди социал-демократ депутат Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Карамушкинанын айдоочусу эки жөө адамды 2012-жылдын февраль айынын аягында, Токмок шаарынын жанынан сүзүп кеткен. Ал мамлекеттик 0039KG номурундагы депутаттык «Тойота Камри» унаасын башкарып бара жаткан.

Жөө адамдардын бири — 70 жаштагы Кочкор районунун жашоочусу — кырсык болгон жерде дароо көз жумган, экинчиси ооруканага жаткырылган, кийинчерээк ал акчалай жардам үчүн айдоочуга карата айткан дооматтарынан баш тарткан.

24.kg маалымат агенттиги жашыруун булактарына шилтеме кылып, кырсык болгон учурда унаанын ичинде Карамушкинанын да бар болгондугун жазган, бирок депутат анда болбогондугун бир нече жолу билдирген.

Маалымат агенттик менен эл өкүлүнүн ортосундагы талаш сотко чейин жеткен — Карамушкина басылманы ар-намысыма шек келтирди деп айыптаган.

Бирок иш Хурасёвго өкүм чыгарылганга чейин убактылуу токтотулган болчу.

Автор: Карина Жолдошева