Видео: Бишкектин борборунда тез жардам унаасы менен «Мазданын» сүзүлүшү

Манас проспектиси менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасы менен «Мазданын» сүзүлүшү авторегистратордун жардамы менен видеого тартылып алынган. Kloop.kgнин редакциясы кырсыктын толук видеосун жарыялайт

Жеке медициналык тез жардам кызматынын унаасы «Мазда» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен 18-август күнү, Бишкектин борборунда сүзүшкөн.

Кырсыктан жабырлангандар болгон, алардын бири жеңил унаанын жүргүнчүсү болгон, учурда анын абалы «канааттандыраарлык» деп бааланууда.

Кырсык болгон маалда тез жардам унаасында оорулуулар болгон эмес, ал чакыруу менен бара жаткан. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, тез жардам кызматынын дарыгерлери жеңил жарааттарды алышкан.

Унаа 139 жеке тез жардам кызматына тиешелүү болгон.

Кырсык тууралуу кененирээк бул жерден окусаңыздар болот.

Жол коопсуздук эрежелерине ылайык, тез жардам унаалары жол кыймылынын башка катышуучуларына караганда бир катар артыкчылыктарга ээ.

Бирок эрежеде артыкчылык катары — мисалы, светофордун кызыл белгиси күйүп турган маалда — «башка унаалардын жол бошотуп берип жаткандыктарына ынангандан кийин гана» өтө алышат, деп да жазылган.

Автор: Эльдияр Арыкбаев