Бишкек мэриясы жолдордогу жөө адамдар өтчү белгилерге жарык чагылдыруучу рамкаларды орнотуу боюнча жарандык активист Айбек Баратовдун долбоорун колдоду. Бул аракет караңгыда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү учурларын алдын алуу үчүн жасалууда
Жарандык активист Айбек Баратов Kloop.kgге берген маегинде жарык чагылдыруучу рамкаларды Бишкектин борборундагы жөө адамдар өтчү 30 белгиге орнотуу пландалып жатканын билдирди.
«Бул пилоттук долбоор, жол кыймылынын катышуучулары менен айдоочулардын көңүлүн жөө адамдарга буруп, алардын жол бошотуп берүүлөрү үчүн жасалганы жатат», — деп түшүндүрдү Баратов.
Анын айтымында, акциянын максаты – окуу жылынын башталышына карата айдоочулардын көңүлүн жол коопсуздук эрежелерин сактоого буруу болуп саналат.
Баратов пилоттук долбоордон кийин шаардын жолдорундагы жөө адамдар өтчү белгилердин бардыгына тең жарык чагылдыруучу элементтерди орнотуу боюнча өкмөткө сунуш киргизээрин кошумчалады.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Эдита Райымкулова Kloop.kgге берген маегинде мэрия Баратовдун долбооруна кызыгып, анын ишке ашышына жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
«Мэрдин айтымында, долбоор түнкү убактарда айдоочулардын этият болушуна түрткү болот, ошондой эле жөө адамдарды коопсуздандырат. Бул пилоттук долбоорду мэр колдоду, тактап айтканда, бул Бишкек шаарынын мэриясы менен биргелешкен долбоор», — деди басма сөз катчы.
Баратов долбоорду ишке ашыруу үчүн бир жарым миң доллардай каражат сарптоо пландалып жатканын билдирди.
Жарык чагылдыруучу рамка жолдун жөө адамдар өтчү белгилериндеги оптикалык сары жээкти элестетет. Жээктин оптикалык эффектиси күндүзбү, түндөсүбү белгилердин жакшыраак көрүнүшүнө шарт түзөт.
Автор: Эльдос Казыбеков