Кыргызстан Тажикстан менен болгон чек арасындагы үй-бүлөнүн өлтүрүлүшүн иликтөөгө жардам берет

Кыргызстандын ички иштер министрлиги тажикстандык кесиптештерине Исфара шаарынын жанындагы үй-бүлөнүн өлтүрүлүшү боюнча тергөө иштерин жүргүзүүгө жардам берет.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде кыргыз тарап 19-август күнү орун алган массалык адам өлтүрүү фактысын иликтөө боюнча Тажикстандын ИИМине жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

«Тажикстандык кесиптештерибизге жардам керек болсо биз ал үрөй учурган кылмыштын иликтенишине көмөктөшүүгө дайым даярбыз», — деди Осмонбаев.

Буга чейин ал кылмыш болгон аймак Тажикстанга тиешелүү экенин айтып, Кыргызстан окуянын иликтенишине кийлигишпей тургандыгын билдирген болчу.

Тажик ММКларынын билдирүүлөрү боюнча, кылмыш болгон аймак талаш жер болуп саналат.

Коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер Токон Мамытов Тажикстан кылмышка Кыргызстандын жарандарын айыптап жатканын журналисттерге билдирди.

Жаңжалдын жүрүшүндө белгисиз адамдар жети кишиден турган үй-бүлөгө кол салышып, анын жыйынтыгында, төртөө — ата-энеси менен эки баласы атылып өлтүрүлгөн.

Ок атуу башталганда үч бала качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

«Жаңжал турмуш-тиричилик чырынан улам келип чыккан деген божомол бар», — деди Мамытов

Каза болгондор Тажикстандын жарандары болушкан жана ал жерде чарбачылык менен алектенишкен.

«Авеста» тажик маалымат агенттиги Исфара шаарынын төрагасы Рахмонали Амировго шилтеме жасап, өлтүрүү болжол менен аңчылык куралынын жардамы менен ишке ашырылганын билдирүүдө.

Ал кылмышкерди аныктоодо тирүү калган балдардын көрсөтмөлөрү жардам берээрин айтты.

«Учурда окуянын дароо бир нече версиясы каралып жатат, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарылбай эле», — деп жазган «Авеста» Амировдун айткандарын.

Автор: Карина Жолдошева