Милиционер психикалык жактан ооруган келинди зордуктаган деп шектелүүдө

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери психикалык жактан ооруган келинди зордуктаган деп шектелип жатат. Бул тууралуу укук коргоочу «Эркиндик үнү» борбору кабарлоодо. Милиционер камакка алынды, бирок жабырланган аял тергөөчүлөр тарабынан кысым көрсөтүүлөр болуп жатканын айтып, даттанууда.

«Эркиндик үнү» милиция кызматкерлери 19-июлдан 20-июлга караган түнү келиндин үйүнө барышып, ага чейин орун алган тиричилик чатагынын жагдайып тактагандан кийин алардын бири аялды башка бөлмөгө алып кирип зордуктагандыгын жазган.

«Психикалык жактан ооругандыктан жана бийлик өкүлдөрүнөн корккондуктан ал каршылык көрсөтө алган эмес», — деп жазган укук коргоо борбору.

«Эркиндик үнүнүн» маалыматы боюнча, келин дароо социалдык жумушчуларга кайрылган, алар өз кезегинде ага жардам беришкен.

Келин оор психикалык жактан жабыркаган адамдар үчүн арналган Күндүзгү борбордо реабилитациядан өткөн. Ал жактан аны дүкөнгө барып бир несе сатып алууга, тамак жасоого, үй жыйноого, кесиптештери, туугандар жана үч жаштагы уулу менен кандай мамиледе болушу керектигин кайра башынан үйрөтүшкөн.

Укук коргоочулар шектүү милиция кызматкери камакка алынганы менен укук коргоо органдары келиндин зордукталгандан кийин жазган арызын кайрадан алдыруу үчүн жабырлануучуга психикалык басым жасап жаткандыктарын айтышууда.

«Октябрь райондук ИИБсинин тергөөчүсү Шаршен Суранчиев Соттук медициналык экзпертиза бюросунун республикалык имаратында жабырлануучу менен анын жактоочусу Евгения Крапивинага одоно түрдө коркутуп, жабырланган келинди жактоочусунун колдоосу жок бөлмөдө жалгыз калтырууга аракет кылган», — деп жазган укук коргоо борбору.

Крапивина Kloop.kgнин кызматкери менен болгон маегинде укук коргоо борбору тарабынан жазылган маалыматтын чын экендигин ырастады.

Жактоочу тергөөчүнүн ал аракети боюнча шаардык прокуратурага даттануу арызын жолдогон, бирок тергөөчү «эч кандай арыздануулардан коркпой тургандыгын» билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде азырынча аларда бул окуя боюнча эч кандай маалымат жоктугун жана өз версиясын айта албай тургандыгын билдирди.

Автор: Карина Жолдошева