Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан жети адам каза болду

“Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа 21-август түнү Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу бара жатып Кара-Суу дарыясына кулап кеткен. Кырсыктын жыйынтыгында жети киши каза болуп, бири катуу жараат алган.

Кырсык 21-августтан 22-августка караган түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 373-чакырымында болгон.

Унаа айдоочусу рулду башкара албай калган, натыйжасында унаа Кара-Суу дарыясына кулап кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан кырсыктан жети адам каза болгон, алардын төртөөсү эрезеге жете элек болушкан. Жүргүнчүлөрдүн бири оор жараат алып, аман калган.

Катуу жараат алган Базар-Коргон районунун 1977-жылы туулган жашоочусу Диларам Юсуржанова милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.

Каза болгондор:

1. Батиков Вадиат Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1950-жылы туулган;
2. Руспиева Алтынай Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1971-жылы туулган;
3. Юсупжанова Насипа Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2001-жылы туулган;
4. Отобеков Элдияр Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2006-жылы туулган;
5. Миташов Айдар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2008-жылы туулган;
6. Миташова Мээрим Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2010-жылы туулган;
7. Артыкбаев Махмут 1977-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган, унаанын айдоочусу.

ӨКМден билдиришкендей, автокрандын жардамы менен унааны Кара-Суу дарыясынан алып чыгуу маалында каза болгондордун үчөөсүн суу агызып кеткен.

“Кырсык болгон жерге барган 10 куткаруучу каза болгондордун денелерин унаадан алып чыгып, ШИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Айлана начар көрүнгөндүгүнө байланыштуу сууга чөгүп кеткендерди издөө иштери жүргүзүлгөн эмес”, — деп билдирди мекеме.

Автор: Карина Жолдошева