Милиция «Бишкек парктын» алдындагы мыйзамсыз унаа токтотууларга каршы алсыз

Жол кайгуул кызматы «инспекторлордун жетишсиздигинен» улам «Бишкек парк» соода борборунун алдындагы мыйзамсыз унаа токтотууларды жое албастыгын Kloop.kgнин журналистине билдирди. Өз кезегинде соода борбордун айдоочуларды өз алдынча, өз күчү менен кетирүү ниети жок.

«Бишкек парк» үстүбүздөгү жылдын жаз айларында өз эшигин ачкандан бери анын алдындагы аянтча жол эрежеси ар дайым бузулуп турган майданга айланды.

Унааны бир аз убакытка да токтотууга тыюу салган «Токтотууга уруксат эмес» деген белгиге карабай соода борборунун кардарлары унааларын соода жайдын алдына калтырып кетүүсүн улантып жатышат, алардын унаалары  мезгил-мезгили менен коомдук транспорттордун аялдамага барчу жолун да тосуп калат (бул материалдын башкы сүрөтүндө көрүнүп турат).

Мындай башаламан токтотуулар ансыз деле кенен эмес Киев көчөсүндөгү кыймылды кыйла эле кыйындатат.

Белги жана анын толугу менен көңүлгө алынбагандыгы. Сүрөт 2013-жылдын 18-августунда тартылган.
Белги жана анын толугу менен көңүлгө алынбагандыгы. Сүрөт 2013-жылдын 18-августунда тартылган.

«Бишкек парктын» шаардагы эң чоң жер астындагы унаа токтотуу жайын курганын эске алсак, мындагы унаа токтотуу эрежелеринин бузулушу өзгөчө түшүнүксүз.

Бирок бул көрүнүш менен күрөшүү боюнча милициянын да, соода борборунун да аракеттери байкалбайт.

Жол эрежелеринин сакталышына жооптуу болгон Жол кайгуул кызматы бул көйгөйдүн бар экенин танбайт.

«Унаалар өтчү жерге токтоткондуктары — бул айдоочулардын маданиятсыздыгы», — дейт Эсептөө жана анализ бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Кундуз Иманбаева.

Бирок ал «Бишкек парктын» өзүнөн же шаардын тургундарынан тиешелүү арыз алмайынча алар бул көйгөйдү чечүү боюнча иш алып барбай тургандыктарын кошумчалады.

«Эгер бизде арыз болгондо ал боюнча чара көрмөкпүз», — деди ал.

Жол кайгуул кызматынын канцеляриясынан «Бишкек парктын» алдындагы тартиптин көзөмөлгө алынбагандыгынын себеби катары «инспекторлордун жетишсиздигин» айтып жатышат.

Канцелярия кызматкерлери алар менен болгон маекти диктофонго жазып алууга уруксат беришкен жок.

Соода борбору Жол кайгуул кызматынын кызматкерлерин күтүп жатат

Бул көйгөй менен алектенүүгө соода борборунун жетекчилиги да даяр эмес — «Бишкек парк» муну Жол коопсуздук кызматынын милдети деп эсептейт, алар Иманбаеванын айткандарын четке кагып, укук коргоо органдарына арыз жазгандыктарын билдиришүүдө.

Соода борборунун өкүлүнүн айтымында, Жол кайгуул кызматы бир канча убакыт «Бишкек парктын» алдындагы тартиптин сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө жардам берип келген.

«Биз Жол кайгуул кызматына кайрылганбыз, анан алар бир канча убакыт унаа токтотуу маселесин чечүүгө жардам беришкен. Бирок аларда өзгөрүүлөр болгондуктан бир топтон бери тартипке көз салбай калышты», — дейт соода борбордун административдик иштер боюнча менеджери Марат Элебешев.

Тараптар эреже бузуулар менен кимиси биринчи күрөшүп башташы керектиги боюнча чечишкенче «Бишкек парктын» алдындагы башаламандык уланууда.

Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер өткөн дем алыш күндөрү айдоочулар тарабынан «Токтотууга уруксат эмес» деген белгини көңүлгө албай, тыюу салынган жерлерге токтотулган бир топ унааларды сүрөткө тартып алган.

Унаалар ошондой эле соода борборунун алдындагы аялдамага да токтотулат, бул өз кезегинде коомдук транспорттор менен жүргүнчүлөргө кыйла ыңгайсыздыктарды жаратат — жүргүнчүлөргө автобустардан түшүүдө же ага отурууда токтотулган унааларды аралап өтүүгө туура келүүдө.

Аялдамадагы автобус. Сүрөт 2013-жылдын 18-августунда тартылган.
Аялдамадагы автобус. Сүрөт 2013-жылдын 18-августунда тартылган.

Саясатчылар менен дипломаттар кем калышпайт

Унаа токтотуу эрежелерин бузгандардын ичинде — саясатчылар менен дипломаттар дагы бар.

19-август күнү кечинде Kloop.kgнин кабарчысы тыюу салынган жерде токтоп турган 0096 KG номериндеги парламент депутаты Нурбек Мукашевдин унаасын сүрөткө тартып алган.

Депутаттын унаасы жол эрежесин бузуу менен токтотулган. Сүрөт 2013-жылдын 19-августунда тартылган.
Депутаттын унаасы жол эрежесин бузуу менен токтотулган. Сүрөт 2013-жылдын 19-августунда тартылган.

Мукашевдин өзү болсо ал күнү кечинде «Бишкек паркка» барбагандыгын жана соода борборуна анын айдоочусу киргенин айтып, ишендирүүгө аракет кылды.

Депутат айдоочусунун жол коопсуздук эрежесин бузганы менен макул болду, бирок “бул үчүн айдоочуңузду жумуштан кетиресизби?” деген суроо ачуусун келтирди.

«Эмне, ушул үчүн да жумуштан кетириш керекпи?» — деди ал телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө.

Kloop.kgнин кабарчысы суроолору менен кайрылган депутаттын кеңешчиси аты-жөнүн айтуудан баш тартып, аны менен болгон маекти диктофонго жазып алууга уруксат берген жок. Ал айдоочу «Бишкек парктын» алдына болгону 5 мүнөткө токтогондугун айтты — бирок жогорудагыдай жол белгиси турганда ал дагы эреже бузуу болуп саналат.

Бир күн мурун Бектур Искендер ал жерге токтотулган казак жана түрк дипломатиялык өкүлдөрүнүн унааларын сүрөткө тартып алган болчу.

Анда «түрк» унаасынын жүргүнчүсү башкы редактордун сүрөткө тартып жатканына кыжырданып, эмнегедир өзүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин өкүлүмүн деп тааныштырып, сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Кыжырданган түрк дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү.
Кыжырданган түрк дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү.

Автор: Эльдос Казыбеков жана Бектур Искендер