Ысык-Көлдөгү өспүрүм кара тумоодон каза болгон эмес болушу мүмкүн

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин болжолдуу изилдөөлөрү 15 жаштагы ысык-көлдүк өспүрүм кара тумоодон улам каза болбогондугун көрсөттү. Учурда анын өлүмүнүн себептери такталып жатат.

Караколдогу кара тумоого каршы бөлүмдүн адистери баланын денесинде пайда болгон бездердеги суюктуктар менен кандардан анализ алышты.

«Алынган анализдерге болжолдуу микроскоптук изилдөө жүргүзүлдү. Жыйынтыгы терс болуп чыкты, лабораториялык чычкандарга биосыноо коюлду», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Каза болгон бала менен карым-катнашта болгон 78 адам карантинге жайгаштырылды. Аларга медициналык көзөмөл жүргүзүлүүдө.

23-август түнү консультациялык жардам көрсөтүү жана кошумча эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн оорунун очогу чыкты деп болжолдонгон жерге адистерден турган топ жөнөтүлгөн.

«Топ менен бирге оорунун очогу менен иштөө үчүн тиешелүү сандагы эмдөө дарылары, зыянсыздандыруучу каражаттар жана кемиргичтерге каршы эпидемиялык иш-чараларды жүргүзүү үчүн уу химикаттары жиберилген», — деп билдирүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылынын 15 жаштагы жашоочусу Темирбек Исакунов 22-август күнү денесинин температурасы жогорулап кеткенин жана сол колтугу менен моюн жагында без шишиктери пайда болгондугун айтып дарыгерлерге кайрылган.

Бир апта мунун ал Сары-Жаздагы Оттук өзөнүндөгү ата-энесиникине барып ооруп калган.

«Ал саламаттыгынын начарлагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук ооруканасынын хирургу менен отоларингологунун консультациясы менен хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Кийинчерээк дарыгерлердин кеңешмесине жөнөтүлүп, саат14:30да «кайрадан кара тумоо оорусуна шектелип» реанимация бөлүмүнө которулган», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Бирок дарыгерлердин аракеттерине карабай өспүрүм 22-август күнү кечинде каза болгон.

Автор: Эльдияр Арыкбаев