Bus.kg колдонмосу: Бишкектеги коомдук транспорттордун багыттарын аныктайбыз

Балким bus.kg колдонмосу бишкектиктер үчүн дагы деле болсо эң керектүү мобилдик колдонмо — ал борбордун жашоолоруна А чекитинен Б чекитине маршруттук таксилерде, автобустарда жана троллейбустарда кантип жетүүгө болоору тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.

5-август Бишкектин транспортунун тарыхына кириши мүмкүн.

Ал күнү кыргызстандык социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары «Андроид» операциялык системасында иштеген телефондор үчүн жаңы чыккан Bus.kg колдонмосунун шилтемеси менен активдүү бөлүшө башташкан.

«Андроидге» колдонмо жүктөп алуу»

Эки жумадан бир аз көбүрөөк убакыттын ичинде эле аны 5000ден ашык смартфон ээси жүктөп алган. «Гугл Плей» онлайн-дүкөнүнүн стастистикасына ишенсек, бул Кыргызстандын колдонмосу үчүн мурда болуп көрбөгөндөй көрсөткүч.

Колдонмонун иштеп чыгуучулары көйгөйдү туура түшүнүшкөн — ал бишкектиктерге, өзгөчө борбордун конокторуна башаламан жүргөн транспорттук каттамдарды үйрөнүп алуу үчүн абадай эле керек болчу.

Бишкекте коомдук транспортту колдонуу менен А чекитинен Б чекитине кантип жетүү керектигин түшүнүү үчүн шаарда көп жыл жашоого туура келет.

Буга бир нече себептер бар: маршруттук таксилерде, автобус жана троллейбустарда аялдамалардын баяндап жазылышы өтө майда тамгалар менен көрсөтүлгөн; анда  бардык аялдамалардын аталыштары жазылган эмес; каттам кандай бара тургандыгы жөнүндө эч ким жарыялабайт.

Жүргүнчүлөрдүн жашоосун андан да татаалдаштыруу үчүн маршруттук таксилердин айдоочулары көпчүлүк учурларда аялдама жок жерлерге деле токтой беришет.

Bus.kg бул көйгөйлөрдүн көбүн чечет — колдонмодогу же анын расмий сайтындагы Бишкектин картасынан эки чекит белгилесеңиз сизге жакынкы аялдамаларды көрсөтүү менен эң ылайыктуу каттамдарды сунушташат.

Колдонмону «Инкубазия» аттуу компаниянын программачыларынан турган анча чоң эмес топ иштеп чыккан.

Bus.kgдеги издөөнүн жыйынтыгы
Bus.kgдеги издөөнүн жыйынтыгы

«Бул башкы жумуш эмес болчу»

Компаниянын маркетинг боюнча адис кызматындагы өкүлү Наргиза Акунбек кызы менен биз Бишкектин кофе ичүүчү жайларынын биринде жолуктук.

«Бул идея бизде көптөн бери бар болчу. Анан өз күчүбүздү текшерип көрүү үчүн коомго, шаардыктарга пайдалуу болгон колдонмо түзүү чечимине келдик?» — дейт Акунбек кызы.

Айтымында, идея өтө узакка жана өтө көп жолу талкууга алынган, бирок команда долбоордун үстүнөн 2013-жылдын февралынан баштап гана чындап иштеп баштаган.

Наргиза Акунбек кызы
Наргиза Акунбек кызы

«Биз болгон убактыбыздын бардыгын тең бул долбоорго арнаган жокпуз. Ага иш убактыбыздын бир бөлүгүн гана бөлдүк», — дейт ал.

«Инкубазия» компаниясы көбүнчө веб-сайттарды иштеп чыгуу менен алектенет жана буга чейин мобилдик колдонмолорду эч качан жасаган эмес.

Бирок жалпысынан анын бул сегменттеги алгачкы иши колдонуучуларга жакты.

Түзүү процесси

Наргизанын айтымында, алгач колдонмонун ишинин алгоритми жазылып чыккан — ага күнүнө эки-үч сааттан иштеп атып үч-төрт ай жумшашкан.

«Инженерлерге биздин командабыздын анча чоң эместиги жардам берди. Кимдир бирөө iOs версиясынын, башкасы Андроид версиясынын, үчүнчүсү алгоритмдин үстүнөн иштеп жатышты. Алар ар дайым бири-бири менен карым-катнашта болушту жана команданын көлөмү көйгөйлөрдү оңой чечүүгө жардам берди», — деп эсептейт ал.

Алгоритм түзүлгөндөн кийин шаардагы каттамдардын схемаларын алуу үчүн иштеп чыгуучулар Бишкектин мэриясына, тактап айтканда, шаардык транспорт башкармалыгына барышкан.

«Мэриядагы бизге керектүү кишинин дал өзүнө барган окшойбуз», — деп эскерет Акунбек кызы.

«Анда каттамдардын бардыгын тең пландаган адам бар экен. Биз аны менен байланышып, каттамдардын схемаларын сурадык. Алгач, эмнеге керектигин айтып, түшүндүрдүк, анан схемаларды бир күнгө беришти. Биз ошол эле күнү дароо көчүрмөсүн чыгарып алып, эртеси кайтарып бердик [картаны]», — деди ал.

Бишкек бийлиги каттамдардын схемаларын берип, колдонмонун иштеп чыгууларына жардам берген.
Бишкек бийлиги каттамдардын схемаларын берип, колдонмонун иштеп чыгууларына жардам берген.

Наргизанын айтымында, Бишкек мэриясы аларга чынында эле жакшы жардам берген. Бирок каттамдардын картасын алуудан мурда компания Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын атына материалдардын бардыгын эртеси кайтарып берүү убадасы менен кат жазышы керек болгон.

Колдонмо чыккандан кийин каттамдардын ичинде жаңы киргизилген каттамдардын жок экендиги дароо көзгө көрүнгөн.

«Инкубазиянын» өкүлүнүн айтымында, учурда Bus.kgдеги каттамдардын кеч жаңылануусу боюнча көйгөйлөр чечилип жатат.

«Жакында эле мэрия бизди кайрадан эстеди. Мындан ары маалыматтардын, жаңылануулардын бардыгын ошол жактан алып турабыз», — деп ишендирди Акунбек кызы.

Айтымында, компания Бишкектин коомдук транспортторундагы өзгөрүүлөр тууралуу кабар алып туруу боюнча муниципалитет менен макулдашат, өз кезегинде «Инкубазия» ал өзгөртүүлөрдү маалымат базасына киргизип турат.

Алдыдагы пландар

Азырынча колдонмо интернеттин персоналдык компьютерлер аркылуу пайдалануучуларына, ошондой эле «Андроид» операциялык системасында иштеген телефон ээлери үчүн гана жеткиликтүү.

Бирок сентябрдан баштап «Айфондорго», «Айпад» жана «Айпод» планшеттерине орнотулчу iOS операциялык системасы үчүн чыккан версиясы да бекер жүктөп алууга жеткиликтүү болот.

Азырынча долбоор бекер жүктөп, бекер колдонуу үчүн жеткиликтүү, бирок компания колдонмону коммерциялаштыруу жагын да караштырып жатат — жакында анда жарнама пайда болушу мүмкүн.

Бирок «Инкубазия» жарнамалары смартфондор үчүн чыккан кээ бир башка колдонмолордогудай жадатма болбойт деп убадалоодо.

Ошондой эле иштеп чыгуучулардын командасы интернет аркылуу таркатыла турган жарнамалык видеотасма жаратуу жөнүндө ойлонуп жатат.

Биздин аудитория негизинен интернет колдонуучулар болгондуктан албетте, алдыга умтула турган жерибиз интернет болот. А теле жана жарнамалык такталар жөнүндө айтсам, ал жактарда жарнамалабайт ойшойбуз», — дейт маркетинг боюнча адис.

Иштеп чыгуучулар Bus.kgни алдыга жылдырууда жергиликтүү бийликтин колдоосуна да үмүттөнүп жатышат.

Колдонмого Kloop.kgден баа

Бул материалдын автору Улугбек Акишев менен Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер Bus.kgни пайдаланышып, кандай таасир калтыргандыгы боюнча ой бөлүшүштү.

Улугбек Акишев:

577463_650199485005603_669940672_n-e1377169135966-200x130

Колдонмо өтө пайдалуу. Ачык айтайын, бир нече жолу тигил же бул жерге кантип барууну билбей калганда колдондум, адашкан жокмун. Жакшы жактарынан өзгөчө төмөндөгүлөрдү белгилеп кетким келет:

— Смартфонуңардан вus.kgге эки чекитти белгилөө менен силер жооп катары тиешелүү жерге бара турган беш (албетте, ошончо каттам бар болсо) мүмкүн болгон ылайыктуу каттам аласыңар. Ар бир каттамга төмөндөгүдөй маалыматтар тиркелет: жакынкы аялдамага чейинки аралык, коомдук транспорттогу аралык жана акыркы чекитке чейинки аралык.

— Бишкектеги коомдук транспорттордун бардыгы тең – маршруттук таксилерди, автобустарды жана троллейбустарды камтыйт.

— Колдонмону оффлайн режимде пайдалануу мүмкүнчүлүгү.

Бектур Искендер:

215380_10862960037_7923_n-200x130

Макул, Улугбек бул колдонмону жалаң гана мактап жатат, анда мен анын кемчиликтерин айтайын. Мен үчүн эгер түз каттам жок болуп, транспорт каражатын алмаштыруу керек болгон маалда колдонмонун ошондой вариант сунуштабагандыгы эң башкы ыңгайсыздыкты жаратып жатат.

Мисалы, мен 12-кичи район менен Министрлер кеңешинин шаарчасынын ортосунда көп жүрөм. Бул эки район бир дагы каттам менен бириктирилген эмес. Мен алардын ортосунда жүргөндө дайыма Түштүк дарбазадан коомдук транспортту алмаштырам.

Бирок, тилекке каршы колдонмо мага андай вариант сунуштаган жок. Мисалы, эреже катары мага 12-кичи райондон Түштүк дарбазага чейин транспорт менен келип, андан Министрлер кеңешинин шаарчасына чейин бир нече чакырым жөө басууну же тескеричинче Түштүк дарбазасына чейин жөө келип андан ары маршруттук такси менен баруу жолун  сунуштап жатат.

Менин пикиримде, дал жогорудагыдай варианттар көрсөтүлсө өзгөчө баалуулукка ээ болмок, анткени анча чоң эмес Бишкек шаарынын жашоочулары деле күндө жүргөн каттамдарынан башка ыңгайлуураак жолдордун бар экенин билбеши мүмкүн.

Албетте, мындай колдонмо керек болчу. Мен өмүр бою Бишкекте жашаганым менен аны менен бир нече жолу пайдаландым, жыйынтыгында мага белгилүү эмес, буга чейин пайдаланып көрбөгөн альтернативдүү жолдор менен жүргөн каттамдар тууралуу билип алдым.

Мени ойлондурган жалгыз нерсе — качандыр бир убакта «Гуглдун» картасына Бишкектеги транспорттун каттамдарын киргизишет. Ошондо Bus.kgнин иштеп чыгуучуларына принципиалдуу түрдө жаңы бир нерсе ойлоп табууга, же алп корпорация менен атаандашып күрөшүүгө туура келип калат.

Автор: Улугбек Акишев