Токмоктун шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ала качуу максатында кыз уурдоого шектелген төрт адамды кармашты. Баш кошууга күчтөп көндүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, уурдалган кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылып, 16-август күнү белгисиз адамдар шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринен кызын унаага салып алып кетип калышкандыгын билдирген.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Айбек Арзыматов kloop.kgге берген маегинде кыз аны ала качкандар менен тааныш болбогондугун билдирди.
Айтымында, кызды уурдагандар аны өзүлөрү жашаган батирге алып барышып, анда эки күн кармашкан.
«Аны баш кошууга көндүрүүгө аракет кылышкан. Ошондой эле кызга карата зомбулук көрсөтүлгөн», — деди Арзыматов.
Милициянын маалыматы боюнча, белгисиз адамдар апасына кызынын уурдалгандыгы жөнүндө өзүлөрү кабарлашкан.
Милиция кызматкерлери тарабынан кыздын кайсыл жерде кармалып тургандыгы аныкталып, анын уурдалышына шектүү адамдар кармалышкан.
«Эки кыз жана эки бала кармалды, кыздар шериктери болушкан. А балдардын бири болсо болочоктогу күйөө болгон», — деди тескөөчү.
Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан баш кошууга мажбурлоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
«Открытая линия» коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова кыз ала качуу акыркы кездерде «зомбулук көрсөтүү мүнөзүнө» ээ болуп бара жатат деп эсептейт.
«Кылмыштуу мүнөздөгү ала качуулар көбөйүүдө. [...] Эгер мурда кыздарды баш кошуу максатында ала качып келишкен болсо, акыркы кездерде ала качуулар зомбулук мүнөзүнө ээ болуп бара жатат», — деди ал.
Kloop.kgнин журналисттери окуя тууралуу экинчи тараптын пикирин угуу үчүн шектүүлөр менен же алардын өкүлдөрү менен байланыша алган жок.
Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда жылына 15 миң кыз ала качууга дуушар болот.
Саясатчылар ала качуу фактылары көбөйүп кеткендиктен ала качуунун катышуучулар үчүн каралган жаза мөөнөтүн 10 жылга чейин көбөйткөн норма киргизишкен.
Норма 2013-жылдын январь айында президент Алмазбек Атамбаев кол койгондон кийин күчүнө кирген — ага чейин күчтөп аялдыкка алуу максатында кызды ала качуу үчүн 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Акыркы үч жылдын ичинде ала качууга туш болгондон кийин Ысык-Көл облусунда үч кыз өз жанын өзү кыйган.
Автор: Карина Жолдошева