Ысык-Көлдөгү өспүрүм кара тумоодон улам каза болгон, бирок эпидемия болбойт

Саламаттыкты сактоо министрлиги 22-августта каза болгон ысык-көлдүк баланын чындыгында эле кара тумоодон улам көз жумганын биротоло ырастады. Бирок оорунун бул формасы негизинен бүргөлөр аркылуу жуккандыктан, эпидемия болбойт.

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева журналисттер менен болгон жолугушуусунда 15 жаштагы Темирбек Исакунов кара тумоонун бубон формасынан каза болгонун биротоло ырастады.

Анын айтымында, бул диагноз 25-август күнү кечинде, баланын денесин ачкандан кийинки изилдөөлөрдөн соң биротоло аныкталган.

«Бала бардык шарттарга ылайык кайрадан көмүлдү», — деди Сагинбаева.

Азыр баланын акыркы күндөрү аны менен карым-катнашта болушу мүмкүн болгон 105 киши аныкталган.

«Белгилей кетүү керек, ал 105 кишинин бардыгы тең оорулуу эмес, жөн гана шектелип жаткандар. Бүгүнкү күндө алар антибиотик ичип жатышат», — деди Санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Төлө Исаков маалымат жыйынында.

Исаков өспүрүм туугандары шишкебек жасап берген суур менен түздөн-түз карым-катнашка барбагандыгын кошумчалады – буга чейин анын ооруну жуктуруп алышынын себеби катары дал ошол шишкебек айтылып жаткан.

Шишкебекти ал жалгыз жебегендигин жана андан башка эч ким оорубагандыгын эске алуу менен дарыгерлер өспүрүмдүн өлүмүнүн себеби катары суурдун терисинде болушу мүмкүн болгон бүргөнүн чагуусун божомолдоп жатышат.

Бирок анын ооруну жуктуруп алуусунун так себеби азырынча аныктала элек.

Үйдө дарылоого аракет кылышкан

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Жугуштуу оорулар кафедрасынын жетекчиси Айнура Кутманова Исакуновду чума жуккандан алты күн өткөндөн кийин гана ооруканага жеткиришкендигин билдирди.

«Алгач баланы үйдө дарылоого аракет кылышкан. Анда без шишиктери пайда болуп кеткен. Ошондуктан аны куткара албай калышты», — деди ал маалымат жыйынында.

Учурда өспүрүм жашаган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна инфекционисттер жөнөтүлдү, алар үймө-үй кыдырып жүрүшөт.

«Кечээтен бери аймакка эки инфекционистти жөнөттүк, алар анда үймө-үй кыдырышып, алдын-алуу иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деди Кутманова.

Эпидемия болбойт

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Асылбек Садыкановдун айтымында, Кыргызстанда кара тумоонун бубон формасы тараган сегиз зона бар, бирок  «каржылык кыйынчылыктар менен адамдын жетишсиздигинен» улам мамлекет алардын бардыгын үзгүлтүксүз текшерүүгө жетишпей келет.

Ошентсе да дарыгерлер кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып жатышат, анткени бубон формасынын адамдан адамга жугуусу өтө сейрек кездешет, негизинен ал бүргөлөр аркылуу жугат.

«Кара тумоо боюнча дүрбөлөңгө түшүү негизсиз деп эсептейм. Биздин аймакта ал оорунун бубон формасы кездешкен учурлар жылда катталат. А эпидемия болушу мүмкүн эмес. Релакс», — деп жазган Бишкектеги тез жардам кызматынын дарыгери Егор Борисов өзүнүн «Твиттердеги» кичи блогуна.

Ушундай эле пикирди маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн дарыгерлер да карманышууда.

«Каза болгон балада аныкталган формасы кара тумоо катары таркабайт. Ошонуктан мен эпидемия болбойт деп ишенимдүү айта алам», — деди саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева.

Авторлор: Бектур Искендер, Эльдияр Арыкбаев жана Хлоя Гейне