Өзбекстандын дипломаттары тарабынан «сабалган» айдоочунун жумшак ткандары кокустаган

Өзбекстандын элчилигинин унаасы менен сүзүшкөн айдоочу Жеңишбек Кадыров дипломаттар тарабынан «сабалгандан» кийин Улуттук госпиталда текшерүүдөн өттү. Элчиликтин кызматкерлери сурак берүүдөн баш тартып жатышат.

Улуттук госпиталдан Кадыровдун жумшак ткандары менен башынын төбө жак бөлүгү кокустагандыгы аныкталган — бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысына Бишектин ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Тойота Прадо»үлгүсүндөгү  унаада үч киши бар болгон. Алардын бири Кадыровду уруп, жакалап, уят сөздөр менен сөккөн. Жараат алгандан кийин ал Улуттук госпиталда амбулаториялык дарыланууда болгондугу такталды», — деди Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

Өзбекстандын элчилигинин басма сөз катчысы бир күн бою жумуш ордунда жок болгондуктан Kloop.kgнин кабарчылары бул боюнча элчиликтен комментарий ала алышкан жок.

Өзбек элчилигинин унаасы Кадыровдун унаасы менен Бөкөнбаев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 22-августтан 23-августка караган түнү сүзүшкөн.

Милиция тарабынан суралган күбөлөрдүн айткандары боюнча, Өзбекстандын дипломаттары мас абалында болушкан; кырсыктан кийин алардын бири Кадыровду сабап баштаган.

Окуядан кийин Бишкектин тургуну милиция чакырган, алар келип Кадыровдун Өзбекстандын элчилигинин кызматкерлери тарабынан сабалгандыгы боюнча протокол түзүшкөн.

Элчиликтин өкүлдөрү дипломатиялык кол тийбестиктерине шилтеме жасап канында спирт ичимдиктеринин бар-жоктугун аныктоо үчүн анализ берүүдөн баш тартышкан.

Алар ошондой эле көрсөтмө берүүдөн да баш тартышып, 23-августта боло турган суракка келбей коюшкан.

ШИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, азырынча кыргызстандыктын сабалгандыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголо элек. Кадыровдун унаасы азыр айып унаа токтотуу жайында.

Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын бийлигине нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Kloop.kgнин кабарчысы менен маектешкен Кыргызстандын ТИМинин өкүлү Өзбекстанга жөнөтүлгөн ал кат тууралуу маалымат берген жок.

Автор: Айкерим Молдалиева