Кара тумоодон улам Казакстан Кыргызстан менен болгон чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги ысык-көлдүк өспүрүмдүн кара тумоодон улам каза болгондугуна байланыштуу жарандарын Кыргызстанга барбай турууга чакырды.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кара тумоо оорусу боюнча абал турукташмайынча жарандарын Кыргызстанга баруудан баш тарта турууга чакырган билдирүү таратты.

«Ушул жылдын 24-авгсутунан баштап Жамбыл жана Алматы облустарындагы мамлекеттик чек аралар аркылуу өткөн адамдарга көзөмөл жүргүзүү чаралары күчөтүлдү, кызыкдар мамлекеттик органдар, мекемелер менен машыгуу окутуулары өткөрүлүп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүүдө», — деп билдирди Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Өлкөнүн Кыргызстан менен чектешкен облустарында Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен «Айкимбаев атындагы Карантин жана жугуштуу оорулар боюнча казак илимий борборунун» адистери иштеп жатышат.

Казак бийлигинин версиясы боюнча, ысык-көлдүк өспүрүм «суур тиштеп алгандан» кийин каза болгон.

«Өлгөн кемирүүчүлөр табылган учурда аймактагы Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл органдарына же кара тумоого каршы мекемелерге тез аранын ичинде кабарлоо зарыл», — деген билдирүү таратты Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Кыргыз көзөмөл пункттарында өзгөрүүлөр жок

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Кыргызстан көзөмөл-өткөрмө пункттарына эч кандай чектөөлөрдү киргизбегендигин айтты.

«Азырынча чек арада эч кандай өзгөртүүлөр жок. Азыр күндөгүдөй режимде эле иштеп атабыз», — деди ал.

Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын башчысы Төлө Исаков kloop.kgге берген маегинде Казакстан Ак-Суу районундагы кара тумоо оорусу боюнча маалымат алуу үчүн Кыргызстандын бийлиги менен байланышканын билдирди.

«Казахстан бизден маалымат сураган [кара тумоо боюнча абал тууралуу]. Биз жооп катары Казакстан менен болгон чек арабызда карантин орнотпой турганыбызды билдирдик», — деди ал.

Исаков Казакстан тараптан чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү — казак бийлигинин чечими экенин жана Кыргызстан ага кийлигишпестигин кошумчалады.

«Эгер Казакстанда да бир нерсе боло турган болсо биз дагы чек арадагы көзөмөлдү күчөтөбүз», — деди Исаков.

Эпидемия болбойт

Жакында эле Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги ысык-көлдүк өспүрүмдүн кара тумоодон каза болгондугун ырастаган, бирок эч кандай эпидемия болбой турганын айтып, кыргызстандыктарды ишендирген.

«Каза болгон балада аныкталган формасы кара тумоо катары тарабайт. Ошондуктан мен эпидемия болбойт деп ишенимдүү айта алам», — деген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева.

Дарыгерлер кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырышкан, айтымдарында, кара тумоонун бубон формасынын адамдан адамга жугуусу өтө сейрек кездешип, негизинен ал бүргөлөр аркылуу жугат.

Тез жардам кызматынын социалдык түйүндөрдө белгилүү дарыгери Егор Борис өзүнүн «Твиттердеги» эккаунтуна «дүрбөлөңгө түшүүнү — негизсиз» деп атап, «бубон кара тумоосу кездешкен учурлар жылда кездешээрин» жана «эпидемия болбостугун» жазган.

Автор: Карина Жолдошева