Кара тумоодон каза болгон өспүрүм менен байланышта болгондордун экөөсүнүн коркунуч туудурган оору белгилери өттү

Кара тумоодон улам каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болгон эки адам дене температураларынын жогорулашын баштарынан өткөрүштү, бирок бүгүнкү күнгө карата кооптондура турган оору белгилери жок.

Ысык-Көл облустук ооруканасынын кара тумоого каршы бөлүмүнүн башчысы Равшан Маймулов кечээ дене температуралары жогорулап ооруканага жаткырылган эки адам бүгүн өздөрүн жакшы сезип жаткандыктарын билдирди.

Бирок ошентсе да оорунун белгилери пайда боло электе эле илдетти аныктай турган полимераз реакциясына анализдер алынган.

Ал анализдердин жыйынтыгы бүгүн кечке жакын белгилүү болот.

Дене температурасынын жогорулашы кара тумоонун бубон формасынын белгилеринин бири болушу мүмкүн.

Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көл облустук жана Ак-Суу аймактык ооруканаларына 131 киши башкалардан обочолонтуп жаткырылды, 33ү — медицина кызматкерлери.

Алардын бардыгы тең өткөн аптада кара тумоодон улам каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болушкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканага жаткырылгандарга карата «кара тумоого шектелип жатышат» деген сөздөрдүн пайдаланышына каршы болууда.

«Кеп карым-катнашта болгон адамдарды ооруканага жаткыруу жана кошумча аныктоолор жөнүндө болуп жатат», — деп жазган мекеме пресс-релизинде.

Суурдун терисиндеги бүргөлөр

15 жаштагы Темирбек Исакунов 22-август күнү кечинде кара тумоодон улам каза болгон, болжолдуу түрдө ал илдетти Ысык-Көл облусунун чыгышында орун алган Оттук өзөнүндөгү табигый очогунан жуктуруп алган.

Оору жукканга чейин Исакунов менен анын жанындагы туугандары болжол менен ошол жактан кармалган суурдун этинен шишкебек жасап жешкен, бирок дарыгерлер жуктуруп алууну себеби катары суурдун терисиндеги бүргөлөр болгон болушу мүмкүн деп эсептеп жатышат.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Жугуштуу оорулар кафедрасынын жетекчиси Айнура Кутманова каза болгон ысык-көлдүк өспүрүмдү алгач үйдө дарылоого аракет кылышып, алты күн өткөндөн кийин гана ооруканага жеткиришкендигин билдирди.

«Алгач баланы үйдө дарылоого аракет кылышкан. Анда без шишиктери пайда болуп кеткен. Ошондуктан аны куткара албай калышты», — деген ал 26-августтта журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

Учурда өспүрүм жашаган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда үймө-үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан жугуштуу ооруларга каршы адистердин тобу иштеп жатат.

Каза болгон бала жашаган айылдын жашоочуларына карантин бүткөнгө чейин айылдан чыгууга тыюу салынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги бубон формасындагы кара тумоо адамдан адамга оңой менен жукпагандыктан массалык эпидемия болбостугун айтып, кыргызстандыктарды ишендирүүдө.

«Каза болгон балада аныкталган формасы кара тумоо катары таркабайт. Ошонуктан мен эпидемия болбойт деп ишенимдүү айта алам», — деп билдирген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева.

Кара тумоонун бубон формасынын чыгышы коңшу Казакстандын бийлигин кооптондурду, алар кыргыз-казак чек арасындагы санитардык көзөмөлдү күчөтүшкөн.

Автор: Айкерим Молдалиева

Сүрөт иллюстрацияланган, материалга тиешеси жок