Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаардын көчөлөрүндө сатылып жаткан суусундуктарды алып салууну сунуштады. Калаа башчысынын бул демилгеси шаардыктардын көбүнүн нааразычылыгын жаратууда.
Бишкек мэриясынын башкы аргументи — санитария эрежелеринин бузулушу.
«Көчөлөрдү максым, квас, муздак чай сыяктуу суусундуктардан тазалоо керек», — деп жазган «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет басылмасы шаар башчысынын айткандарын.
Өмүркулов суусундуктарды көчөдө сатуу «шаардын сырткы көрүнүшүн бузуп» жатканын айтты. Анын буга чейин борбордун көчөлөрүнө гүл клумбаларын орноткону шаар тургундарынын арасында көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан болчу.
«Балким сатуучуларды чакан күркөлөргө көчүрүү керектир?» — деп сунушун айтты ал.
Бул билдирүүсүн мэр Бишкектин түштүгүндө оңдолуп жаткан жолдорду текшерип жүргөн маалда билдирди.
Анын бул билдирүүсү күн тартибине кирген эмес экен, анткени бир нече сааттан кийин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлдөрү ал тууралуу эч нерсе билбейбиз деп, Өмүркуловдун айткандары боюнча интернеттеги сын-пикирлер тууралуу комментарий бере алышкан жок.
Комментарий алуу үчүн Өмүркуловдун өзү да жеткиликсиз болууда.
Kloop.kgнин редакциясы Бишкектин жашоочуларынын арасында сурамжылоо жүргүздү («Фэйсбук» аркылуу да, көчөдө да). Анын жыйынтыгында, биринчиден, шаардыктардын көбү мэрдин идеясына каршы экендиги, экинчиден, алар Бишкектин символу катары эсептеген улуттук суусундуктар куюлуп сатылган челектердин тагдырына тынчсызданып жаткандыктары аныкталды.
Эреже катары, ал челектерде максым жана чалап суусундуктары сатылат, алардын көбү Кыргызстанда улуттук суусундуктарды өндүрүү боюнча лидер эсептелген «Шоро» компаниясына таандык.
«Шоро» компаниясынын өкүлдөрү Өмүркуловдун бул билдирүүсү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.
Kloop.kg сурамжылоого катышкан шаар тургундарынын пикирлерин алардын көз караштарына карап бир нече топко бөлдү.
Тымызын сүйлөшүп алуу теориясын жактагандар
Жылдыз Дүйшөнова: «Эмне деп ойломок элек? Шородон акча күтүп атат».
Dmitry Orlov: «Жолдоштор, мунун баарына жөнөкөйрөөк карасаңар: силер КСДП Табылды Эгембердиевге кысым көрсөтүп, бизнесин сыгып алуу мүмкүндүгүн четке чыгарып салып жаткан жоксуңарбы?»
Дмитрий Соболев: «Бардыгы жөпжөнөкөй — мэр акча төлөбөгөндөрдү алып жатат, же болбосо алардын төлөшүн каалап жатат. Шоронун бир нерсе төлөгөнүнөн күмөнүм бар».
Aitbaev Baktybek: «Мэрдин Шорого «бөлүшкүлө» деп бир тийгени көрүнүп турат, тигилер болсо аны Кипрге жөнөтүшкөн жок, мына анан ал реакциясын көрсөтүп жатат».
Челекти шаардын символу катары эсептегендер
Конкин Константин: «Чет элдиктер үчүн алар өзүнчө бир кызык. Ошондуктан шаарды тартипке келтирип, аны укмуштуудай кылып өзгөртмөйүнчө муну мен маанисиз жана сандырак иш деп эсептейм».
Altynai Djumabaeva: «Ысык күндөрдүн башталышында баардыгы тең салттуу максым, чалап, квас сыяктуу суусундуктардын челектеринин пайда болушун чыдамсыздык менен күтүшөт!!! Бизге ал челектер тоскоолдук кылбай эле, тескерисинче ысыкта жардам берет!»
Ruslan Tokochev: «Челектер биздин жергиликтүү колорит болуп саналат. Алар деген шаардын үч кудугу сыяктуу»
Adilet Abylov: «Челектер шаарга өзгөчө колорит берип турат. Бизде жашагандын баары качан алар көчөлөрдө пайда болот деп күтүшөт».
Cherry Black: «Алар чынында эле шаарга колорит кошуп, арзан, даамдуу жана пайдалуу суусундукту жеткиликтүү кылууда. Кола сыяктууларды ичкенден көрө адамдар салттуу, пайдалуу суусундуктарды ичсе жакшы эмеспи».
Бакыт Алтыштаев (көчөдө сурамжыланган): «Ысык күндөрү суу бардыгына керек, ал биздин улуттук суусундук да. Эгер көчөдө сатууга тыюу салса ал [максым] такыр эле жоголуп кетет го».
Андан да маанилүүрөөк көйгөйлөр бар деп эсептегендер
Inna Rahmanova: «Мэрия ыңгайсыз жерлерде же аялдамаларга жакын, дал адамдар өтө турган жерлерде турган күркөлөрдү алса бир топ пайдалуу болмок. Ошондой эле газдалган суу саткан күркөлөрдү да мурун эле алыш керек болчу, анткени алардан же адамдын ден соолугуна же шаарга эч кандай пайда жок!!»
Nuraiym Ryskulova: «Андан көрө филармониянын жанындагы гүлдөрү бар аза пирамидасын алып же болбосо «Бишкек Парктын» алдындагы аялдаманын айланасын тартипке келтирсе жакшы болмок. Ага челектер тоскоолдук кылып жатат, шаар үчүн пайдалуу бир нерсе кылайын деген курулай аракети да».
Aya-ko Ibraimova: «Мен жайында челектен челекке чейин жашайм. Шаарда челектерден башка олуттуу көйгөйлөр бар, андан көрө таштандыларды тазалашпайбы, өтө жаман жыттанып жатат».
Какшыктагандар
Daniel Vartanov: «Тандоо: бир челек «Шоро» же Өмүркулов. Бул тандоо деле эмес».
Жыпара Исраилова: «Мэрдин шорого аллергиясы бар бекен?»
Жумуш орундарына көңүл буруу керек деген пикирди кармангандар
Медер Рахатбекович: «Шоро, Тан жана башка ишканалардын суусундуктарын дароо эле антип тыюу салууга болбойт. Анткени ал ишканаларда миңдеген адамдар эмгектенишет. Ошондуктан аны эске алуу менен соода жайларын жакшыртуу боюнча план иштеп чыгуу керек».
Aynura Ni: «Эгер алып салышса канчалаган аялдар менен кыздар жумушсуз калышат (((»
БОНУС! Мэрдин сунушун колдогон адамдар да бар!
Артемий Слонь: «Албетте, алуу керек, суусундуктарды сатуу жайларын кармап туруунун шарттары менен иштетүүнүн объективдүү факторлору бар. Мисалы, суусундук сатып жаткан айымдарга иш ордунда түштөнүүгө туура келет, алар ажатканадан алыс. Анан алар ошол колдору менен силерге суусундук куюп беришет. Бирок бул көбүнчөрөөк Шоро» фирмасынын өзүнө айтылды го.
Arstanbek Ishenbayev: «Шоро/Артезиан жана башкалары мурда эле челектерден жакшыраак, экологиялык жана санитардык жактан коопсузураак соода жайларынын түрлөрүнө өтө алышмак. Ал компаниянын зоболосуна да тоскоолдук кылмак эмес. Челектер эскирип калды деп атсак болот. Ысыкта сатуучуларга да жеңил болбой эле».
Мурат Курмантаев (көчөдөн суралган): «Көчөдө шарт жок, [челектер] чаңдан, унаа түтүндөрүнөн корголгон эмес. Ал [Өмүркулов] чынын айтып жатат, кандайдыр бир шарттарды түзүү керек! Кээ бирде карасаң — таштанды салуучу идиштердин жанында «Шоро» сатып жаткан болушат. Андай болбойт да!»
Авторлор: Бектур Искендер жана Карина Жолдошева