Бишкек мэриясы шаар борборундагы маршруттук таксилерди азайтат

Бишкек мэриясы шаардын борборундагы маршруттук таксилерди көбүрөөк жүргүнчү бата турган автобустар жана троллейбустар менен алмаштырып, унаалардын кыймылын жакшыртаарын билдирди. Сурамжыланган транспорт компаниялары мэриянын бул планына нааразы болуп жатышат.

Жүрүү схемасы автобустардын же троллейбустардын каттамдары менен дал келген маршруттук таксилер шаар борборунан алынат — бул тууралуу маршруттук таксилерге рейд жүргүзүү маалында Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

«Көп жүргүнчү бата турган автобустар катарга киргизилери менен акырындап оптималдаштыруу башталат — шаардын борборундагы маршруттук таксилер алынат», — деди Атыканов.

Айтымында, Бишкек мэриясы жүрүү схемаларынын пландарын коомдук транспорттордун каттамдары бири-бирин кайталабагыдай кылып жакшыртат.

«Алсак, жолдор оңдолуп бүткөндөн кийин 10-троллейбус жүрүп баштайт, а 210чу жана 110-маршруттар азайтылат», — деди чиновник.

Атыканов жолдор оңдолгондон кийин шаардагы аялдамаларда троллейбустар менен автобустардын жүрүү тартиптери менен схемалары пайда болоорун кошумчалады.

Автобустар каттамга жакын арада чыкпайт

Мэрия шаардын борборунда автобустар менен троллейбустар көбөйөт деп убада берүүдө
Мэрия шаардын борборунда автобустар менен троллейбустар көбөйөт деп убада берүүдө

Бирок маршруттук таксилер автобустарга жакында алмаштырылбайт — коомдук транспорттун жарымы дөңгөлөгү жок болгондуктан унаа паркында токтоп турат — мэриядан муну шина жеткирүүчүлөр автобустарга дөңгөлөктөрдү өз убагында жеткирбегендиги менен түшүндүрүп жатышат.

«Азыр дөнгөлөктү алып келиши керек болуп, бирок алып келбеген «Астон-Вилла» компаниясы менен соттук териштирүүлөр болуп жатат», — деп билдирди Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгыныны башчысынын биринчи орун басары Максат Рыспаев.

Ал жаңы тендер соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин гана жарыяланышы мүмкүн экенин айтты.

«Биринчи инстанцияда алар утушкан. Азыр иш экинчи инстанцияда – шаардык сотто каралып жатат. Эгер соттон мэрия жеңип чыкса дөңгөлөктөрдү жеткирүү милдеттенмесин алган фирма зыянды толтуруп, каражатты кайра кайрып берет. Дөңгөлөктөрдү сатып алуу боюнча жаңы тендерди ошондо гана жарыялайбыз», — деди ал.

«Астон-Вилла» компаниясы Бишкек мэриясына дөңгөлөк алып келүү боюнча өткөрүлгөн тендерди өткөн жылдын августунда жеңип алган болчу.

Рыспаевдин айтымында, дөңгөлөктөрдү сатып алууга ар бир автобуска 60 миң сомдон, жалпысынан, 7 миллион сомдой каражат бөлүнгөн.

Kloop.kgнин кабарчылары «Астон-Вилла» компаниясынын өкүлдөрү менен байланыша алган жок.

Транспорт компанияларынын нааразычылыктары

«Дордой-транс» компаниясынын өкүлү Дүйшон Мусаев Kloop.kgге берген маегинде шаардын борбору аркылуу өткөн маршруттук таксилер жаңы конуштардын жашоочулары үчүн өтө маанилүү болуп саналаарын жана аларды жүргүзбөй коюу шаардын транспорт көйгөйүн чечпестигин билдирди.

«Эгер маршруттук таксилерди алып, алардын каттамдарына автобустарды коюп коюшса жаңы конуштун жашоочулары кандай жүрүп калышат? Борбордук көчөлөр аркылуу биз негизинен жаңы конуштарга барабыз да. Адамдарга коомдук транспорт алмаштырып жүрүүгө туура келип калат. Анан да шаарда автобустар жетишпейт», — деди ал.

Мусаевдин айтымында, эгер мэриянын бул планы ишке аша турган болсо компания бир топ зыянга учурайт.

«Биз каршы болобуз, бирок компаниялардын пикирлери эч нерсени чечпейт. Эгер мэрия маршруттук таксилерди алууну кааласа бизден аны эч ким сурабайт», — деди «Дордой-транстын» өкүлү.

«Батырхан Мурагер» транспорттук компаниянын директору Юрий Петров шаардагы унаа тыгыны маселесин комплекстүү чечүү керек деп эсептейт.

«Бул маселени курамына маршруттук таксилер кирген коомдук транспорттун эсебинен чечпеш керек. Аны жеке унаалардын эсебинен чечүү керек. Бизде шаардын борборундагы көчөлөр эле эмес, дээрлик бүт жери муниципалдык же жеке унаа токтотуу жайларына толуп кеткен. Жолдордун унаалар өтүүчү эки тарабы тең токтоп турган унааларга толуп кеткен», — дейт ал.

Петров мэрия маршруттук таксилерди алуу менен абалды ырбатып жиберет деп эсептейт.

«Алып салуу — бул оңой эле. Бирок биз шаардыктар менен конокторду эмне менен тейлейбиз? Эгемендүүлүк жылдар аралыгында биз башыбыздан автобустар менен бир нече окуя өткөрбөдүкпү. Албетте, борбордо көп жүргүнчү бата турган автобустар болушу керек. Кытайдан айдалып келишкен болбогон автобустар тосмонун ары жагында токтоп турушат, алар дээрлик жокко эсе», — деп жыйынтыктады ал.

Автор: Хлоя Гейне