Каракол: «Кумтөрдөн» «акча талап кылгандарга каршы» 50дөй киши митинг өткөрдү

Ысык-Көл облустук администрациясынын имаратынын алдына «Кумтөр» компаниясынан акча талап кылууга каршы чыккан 50дөй киши чогулуп митинг өткөрүштү.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары — жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен студенттери —

Жети-Өгүздө май айында өткөн митингдердин уюштуруучулары жана «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигинен акча талап кылган делинип жаткан Курманов менен Жунушбаевдерге каршы митингге өздөрү чыккандыктарын айтып жатышат.

Демонстрациянын катышуучуларынын бири Kloop.kgге берген маегинде Жунушбаев менен Курмановдун элдин кызыкчылыгына жамынып жасаган аракеттерине каршы чыгып жаткандыктарын айтты.

«Биз жарыяланган видеого өтө ачуубуз келип атат. Алар мыйзамдан аттап барып жаштарды башка жолго салып жатышат. Мындайларды дубалга тиреп коюу керек», — деди окутуучулардын бири.

Kloop,kgнин кабарчысы менен сүйлөшкөн студенттердин бир бөлүгү эмне себептен чогулуп жаткандыктарын да билбей тургандыктарын айтышты.

«Биз окутуучулар менен бирге келдик. Бизди чакырган болчу, анан биз келдик», — деди сурамжылангандардын бири.

Нааразычылык акциясы болгону 30 мүнөткө созулуп, чогулгандар тарап кетишти.

«Акча талап кылгандар»

Курманов менен Жунушбаевдердин Жети-Өгүздөгү митингдердин токтотулушу үчүн «Кумтөрдүн» жетекчилигинен 3 миллион АКШ долларын талап кылып жаткандыктары видеого тартылып алынган.

Алар экөө тең 2013-жылдын май айынын соңунда «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингдин негизги уюштуруучуларынан болушкан. Анын жүрүшүндө нааразы болгондор кендеги электр жарыгын өчүрүп, милиция менен тирешүүгө барышкан болчу.

Видеонун жогорку бурчундагы маалыматка ылайык, ал сүлөшүү 31-июлда, тактап айтканда, Жети-Өгүздө өткөн митингдерден туура эки ай өткөндөн кийин болгон. УКМК сүйлөшүү Каракол шаарында болгон болуш керек деп болжолдоп жатат.

Видео тасмада Курманов менен Жунушбаев жогоруда айтылган сумманын жарымын 10-августка чейин берүүнү талап кылышкан. Эгер алар акча албай калышса Кыргызстанда «жарандык согуш» баштап, «революция» кыла тургандыктарын айтышкан.

Авторлор: Шахида Дүйшеева жанаЭльдияр Арыкбаев