«Кумтөр» УКМКнын «акча талап кылуу» фактысы боюнча тергөөсүнө жардам берет

Алтын өндүрүү компаниясынын жетекчилиги Жети-Өгүздөгү  май митингдеринин уюштуруучулары тарабынан “Кумтөрдүн” өкүлдөрүнөн 3 миллион АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүргүзүүгө Улуттук коопсуздук мамлекетти комитетине жардам берет.

Компания Жети-Өгүздөгү май митингдеринин уюштуруучулары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдордун 3 миллион АКШ долларын талап кылгандыгын тергөө боюнча УКМКга көмөктөшөөрүн билдирди.

«Тилекке каршы, акыркы убактарда түрдүү мүнөздөгү талаптарды аткарбасаңар жол тособуз деген коркутуп-үркүтүүлөр ар дайым болууда», — деп жазылган компаниянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

«Кумтөрдүн» басма сөз катчысы Сергей Дедюхин Kloop.kgнин кабарчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө  алардын атайын кызматтагылар менен кызматташуусундагы ролу эмнеде экенин так айтып берген жок.

Ал тапта УКМК Kloop.kgге берген маегинде азырынча Жети-Өгүздөгү митингдин уюштуруучулары кармала электигин билдирди.

Курманов менен Жунушбаевдердин Жети-Өгүздөгү митингдердин токтотулушу үчүн «Кумтөрдүн» жетекчилигинен 3 миллион АКШ долларын талап кылып жаткандыктары видеого тартылып алынган.

Алар экөө тең 2013-жылдын май айынын соңунда «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен өткөн митингдин негизги уюштуруучуларынан болушкан. Анын жүрүшүндө нааразы болгондор кендеги электр жарыгын өчүрүп, милиция менен тирешүүгө барышкан болчу.

Видеонун жогорку бурчундагы маалыматка ылайык, ал сүлөшүү 31-июлда, тактап айтканда, Жети-Өгүздө өткөн митингдерден туура эки ай өткөндөн кийин болгон. УКМК сүйлөшүү Каракол шаарында болгон болуш керек деп болжолдоп жатат.

Видео тасмада Курманов менен Жунушбаев жогоруда айтылган сумманын жарымын 10-августка чейин берүүнү талап кылышкан. Эгер алар акча албай калышса Кыргызстанда «жарандык согуш» баштап, «революция» кыла тургандыктарын айтышкан.

Автор: Карина Жолдошева