Кыргызстандын өкмөтү чет элдик ЖМКлардын Ысык-Көл облусундагы өспүрүмдүн кара тумоодон улам каза болушу тууралуу жазгандарын «деструктивдүү» маалымат деп атады.
Кыргыз өкмөтү 28-август күнү кечинде таркаткан пресс-релизинде кээ бир журналисттер өлкөнүн чыгышында кара тумоонун бубон формасынан каза болгон өспүрүмдүн окуясын чагылдыруу менен «билип туруп окурмандары менен көрүүчүлөрүн адаштырып жатышат» деп билдирген.
«Мындай билдирүү Кыргызстандын Шериктеш мамлекеттер арасында туристтик борбор катары беделине шек келтирет», — деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.
Бийликтегилер алардын пикири боюнча кайсы маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү деструктивдүү мүнөзгө ээ болуп жатканын так көрсөтпөй эле, бирок андай маалымат таратып жаткандардын көбү чет элдик ММКлар экенин баса белгилөөдө.
Өкмөт өзгөчө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эпидемиянын болушу мүмкүндүгү же «коңшу өлкөлөргө коркунучу бардыгы» тууралуу жазгандарын катуу сынга алууда.
Дагы ооругандар аныкталган жок
Дарыгерлер менен өлкө бийлиги 15 жаштагы Темирбек Исакуновдун кара тумоодон каза болушу өлкөдө эпидемиянын пайда болушуна алып келбей тургандыгын бир нече жолу билдиришкен — оорунун бубон формасынын адамдан адамга жугушу өтө сейрек кездешет.
Исакунов кара тумоо оорусун туугандары тарабынан Ысык-Көл облусунун чыгышындагы Оттук өзөнүндө союлган суурдун терисинде жашаган бүргөлөрдөн жуктуруп алган.
Өспүрүм каза болгондон кийин аны менен байланышта болгон 162 адам Каракол облустук ооруканасына жана Ак-Суу аймактык ооруканасына карантинге жаткырылган болчу.
Өспүрүмдүн каза болгонуна дээрлик бир апта болду — ал 22-август күнү кечинде каза болгон.
Андан бери карантинге жайгаштырылгандардын экөөсүндө гана оорунун кооптуу белгилери пайда болуп, дене температуралары жогорулаган, бирок оору белгилери тез эле өтүп кеткен. Ал эми ал адамдарга жүргүзүлгөн анализ алардын кара тумоону жуктурбагандыгын аныктаган.
Медиа-дүрбөлөң
Бирок кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары — өзгөчө орусиялык ММКлар — бүгүнкү күнгө чейин «эпидемия» коркунучу тууралуу жазууларын улантып жатышат.
26-август күнү эртең менен «Росбалт» маалымат агенттиги «Кыргызстанга кара тумоонун эпидемиясы коркунуч туудурууда» деген аталыштагы материал чыгарган, «Новый регион» жаңылыктар сайты өлкөдөгү абалды «кара тумоонун тутанышы» деп атаса, «Russia Today» телеканалы сайтына Кыргызстандагы кара тумоо Орусияга коркунуч туудураарын жазган.
«Russia Today» өз макаласында дарыгердин корутундусуна таянбастан «Добрососедство» эл аралык байланыш фондусу аталышындагы долбоордун директору Юрий Московскийдин пикирине таянган.
Коңшу өлкөлөрдүн — Казакстан менен Тажикстандын бийликтери — Кыргызстандан барган адамдарга карата кошумча санитардык көзөмөл киргизишкен.
Чет элдик ЖМКлардын билдирүүлөрүн «кунарсыз сенсация» деп атаган Кыргызстандын өкмөтү коңшу өлкөлөргө эч кандай коркунуч жок экенин айтып ишендирүүдө.
«Азыркы учурда Ак-Суу районундагы абал өлкөнүн дарыгерлери менен эпилемиологдорунун көзөмөлүндө, жергиликтүү тургундардын да, дүйнөлүк коомчулуктун арасында да абалды шыкактап, кооптонууга эч кандай негиз жок», — деп билдирүүдө бийликтегилер.
Автор: Бектур Искендер