Милиция: Жети-Өгүздө жол тосуу аракети токтотулду

50дөй киши болжол менен «Кумтөр» компаниясынан 3 млн. доллар талап кылуу фактысы тартылган видеого каршы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы унаа жолун тосууга аракет кылышкан. Бирок аймактык милициянын билдирүүсү боюнча, ал жол тосуу аракети укук коргоо органдары тарабынан токтотулган.

Ысык-Көл милициясынын маалыматы боюнча, азыр Жети-Өгүз районунда абал тынч.

«Алар чыгып жолду тосууга аракет кылышты, бирок биз түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тарап кетишти», — деди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге берген маегинде.

Окуя 28-августтан 29-августка караган түнү болжол менен саат 12лерде болгон.

Жети-Өгүздө адамдардын чогулуп жатканы тууралуу биринчилерден болуп «Кабарлар» веб-сайты жазган, бирок ал чогулган элдин саны тууралуу башкача маалыматы – 500 киши жол тосууга аракет кылгандыгын билдирген.

Жети-Өгүздүн жашоочулары Интернетке жайгаштырылып, 28-август күнү кечинде Коомдук канал аркылуу көрсөтүлгөн видеого жооп катары нааразычылык акциясына чыгышкан.

Болжол менен анда май айында «Кумтөр» кенине каршы өткөн митингдин уюштуруучулары нааразычылык акцияларынын токтошу үчүн компания өкүлдөрүнөн акча талап кылып жатканы тартылып алынган.

Май айында Курманов жана Жунушбаевдердин жетекчилиги астында өткөн нааразычылык акциясынын жүрүшүндө анын катышуучулары Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык «Центерра» компаниясы биргелешип ээлик кылган «Кумтөр» ишканасы менен болгон келишимдин кайрадан каралып чыгышын талап кылышкан.

Анда митинг катышуучулары Жети-Өгүз районундагы подстанциялардын бирин басып алышып, «Кумтөр» кенин электр жарыгысыз калтырышкан.

Жарыяланган видеодо «Кумтөрдүн» өнүгүү боюнча директору Дуглас Дриерадан тасманын автору тарабынан Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдер деп аталган эки адам талап кылып жаткан 3 миллион доллар жөнүндө кеп болгон.

Жунушбаев «Кабарлар» сайты аркылуу ал видео тасма «мотаждалып жасалганын» билдирди.

«Бизде Кумтөрдүн өкүлүнөн акча талап кылбаганыбызды ырастап бере ала турган күбөлөр бар», — деген ал веб-сайтка берген маегинде.

Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети видеодо көрсөтүлгөн факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын басма сөз кызматы Kloop.kgнин журналистинин “Курманов менен Жунушбаевди кармоо боюнча иштер жүрүп жатабы же жокпу?” деген суроосуна жооп бере алган жок.

Автор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев

Сүрөттө: май айында болгон Жети-Өгүздөгү митинг