Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Жети-Өгүздө май айында болгон митингдердин уюштуруучулары жана «Кумтөр» компаниясынын жетекчилигинен акча талап кылган делинип жаткан Курманов менен Жунушбаевдерди кармабагандыгын билдирди.
«Кумтөргө» каршы май айында өткөн митингдердин уюштуруучулары Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдердин кармалгандыгы тууралуу маалымат «чындыкка дал келбейт» — бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Курманов менен Жунушбаевдердин Жети-Өгүздөгү митингдерди токтотуу үчүн «Кумтөрдүн» жетекчилигинен 3 миллион АКШ долларын талап кылып жаткандыктары видеого тартылып алынган.
УКМКнын басма сөз кызматынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери Kloop.kgге берген маегинде Курманов менен Жунушбаевдер «тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө» суракка чакырылган болушу мүмкүндүгүн билдирди.
«Алар камакка алына элек, кылмыш ишин жаңы гана козгодук. Биз аларды кармаган жокпуз. [...] Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө алар суракка чакырылган болушу мүмкүн. Азыр тергөө иш-чаралары жаңы гана башталууда», — деп билдирди басма сөз кызматтын өкүлү.
24.kg маалымат агенттиги Жети-Өгүз районунун башчысынын биринчи орун басары Беккубат Бекбочаевге шилтеме жасап Курманов менен Жунушбаевдердин кармалгандыгы тууралуу билдирген.
«Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда абал туруктуу, а Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдор окуянын жагдай-шарттары аныкталганга чейин кармалышты», — деп жазган 24.kg чиновниктин айткандарын.
«Кумтөргө» каршы май айында өткөн митингдер
Май айында Курманов жана Жунушбаевдердин жетекчилиги астында өткөн нааразычылык акциясынын жүрүшүндө анын катышуучулары Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык «Центерра» компаниясы биргелешип ээлик кылган «Кумтөр» ишканасы менен болгон келишимдин кайрадан каралып чыгышын талап кылышкан.
Анда митинг катышуучулары Жети-Өгүз районундагы подстанциялардын бирин басып алышып, «Кумтөр» кенин электр жарыгысыз калтырышкан.
Андагы абал бийликтегилер менен митингчилердин сүйлөшүүсүнөн кийин жөнгө салынган, бирок жарыяланган видеого ишенсек, 31-июль күнү Курманов менен Жунушбаевдер «Кумтөрдүн» өнүгүү боюнча директору Дуглас Гриер менен жолугушуп, нааразычылыктарды токтотуу үчүн андан 3 млн АКШ долларын талап кылышкан.
Эгер алар акча албай калышса Кыргызстанда «жарандык согуш» баштап, «революция» кыла тургандыктарын айтышкан.
Жунушбаев «Кабарлар» сайты аркылуу ал видео тасма «мотаждалып жасалганын» билдирди.
«Бизде Кумтөрдүн өкүлүнөн акча талап кылбаганыбызды ырастап бере ала турган күбөлөр бар», — деген ал веб-сайтка берген маегинде.
Авторлор: Бектур Искендер жана Эльдияр Арыкбаев