Ысык-Көл: Дарыгерлер чумадан көз жумган бала менен карым-катнашта болгондорду ооруканадан чыгарууга даяр

Ак-Суу аймактык ооруканасынын өкүлү чумадан улам көз жумган бала менен карым-катнашта болгондугу үчүн ооруканага жаткырылган адамдарды чыгарууга даяр экендиктерин билдирди.

Ак-Суу аймактык ооруканасынын чумага каршы бөлүмүнүн башчысы Равшан Маймулов Kloop.kgге берген маегинде бүгүнтөн баштап жергиликтүү өспүрүм бубон чумасынан улам каза болгондон кийин ооруканага жаткырылган адамдарды чыгарууга даяр экендиктерин айтты.

Эгер окуя ушундай өңүттө улана турган болсо бул ооруканага жаткырылгандар үчүн 30-августка чейин жарыяланган карантинтиндин кыскартылганын билдирет.

Маймуловдун айтымында, оорулууларды мөөнөтүнөн мурда чыгаруу үчүн өлкөнүн өкмөтү тарабынан түзүлгөн Ысык-Көл облусу боюнча эпидемияга каршы комиссиясынын уруксатын алуу керек болот.

Kloop.kgнин кабарчысы аталган комиссиянын мүчөлөрү менен байланыша алган жок.

Жалпысынан карантинге 162 киши жайгаштырылган болчу — алар каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болгондор же бубон чумасына окшогон оору белгилери бар адамдар болушкан.

Алар Караколдогу облустук оруканага же Ак-Суу райондук ооруканасына жаткырылган.

Ошентсе да 15 жаштагы Темирбек Исакунов каза болгондон сегиз күн өткөндөн кийин Кыргызстанда бубон чумасы менен ооруган башка адамдар аныкталган жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы коомдун саламаттыгын сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Сыдыкановдун айтымында, эгер 30-августка чейин абал өзгөрбөсө карантиндегилердин бардыгы тең үйлөрүнө кое берилет.

Алты күн өз алдынча дарылоо

Темирбек Исакунов оору белгилери пайда болгондон алты күн өткөн соң 22-август күнү кечинде каза болгон.

Дарыгерлердин айтымдарында, алгач өспүрүмдүн ата-энеси баланы өз алдынча, үй шартында даарылоого аракет кылып, алтынчы күн дегенде гана ооруканага алып келишкен.

23-августтан баштап анын туулуп өскөн айылына карантин киргизилип, бийликтегилер айыл тургундарынын үйлөрүнөн чыгуусуна тыюу салган болчу.

Андан сырткары өспүрүм каза болоордо аны менен карым-катнашта болгондордун бардыгы тең ооруканага жаткырылган.

26-август күнү алардын экөөсүндө оорунун кооптуу белгилери пайда болгон, бирок эртеси дене температуралары калыбына келип, өздөрүн жакшы сезип калышкан. Жүргүзүлгөн анализ алардын бубон чумасын жуктурбагандыктарын көрсөткөн.

Кыргызстандын Салматтыкты сактоо министрлиги Исакуновдун чындыгында эле бубон чумасынан каза болгондугун 26-август күнү эртең менен ырастаган.

Бүгүнкү күнү дарыгерлер Исакунов чуманы бүргөнүн чагышынан улам жуктуруп алган болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өспүрүм каза болгон күндөн тартып дүрбөлөң түшүүгө негиз жок экенин билдирген болчу — Исакунов чуманын адамдан адамга өтө сейрек жугуучу бубон формасы менен ооруган.

Кыргызстандын бийлиги 28-август күнү тараткан билдирүүсүндө эпидемия коркунучу жок экенин белгилеп, окуянын чет элдик маалымат каражаттары тарабынан чагылдырылышын сынга алган.

Авторлор: Бектур Искендер жана Айкерим Молдалиева